Кыргызстандык Дмитрий Дороженко пауэрлифтинг боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль утту

Орусияда өтүп жаткан пауэрлифтинг боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык Дмитрий Дороженко алтын медаль утту. Бул тууралуу мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Дмитрий Дороженко бажы кызматынын кызматкери, ал турнирде алты рекорд койгон.

Мекеменин маалыматына ылайык, чемпионатка Кыргызстандын атынан жалпы үч спортчу катышкан. Алар командалык эсепте биринчи орунду ээлешкен.

Турнирге Азербайжан, Казакстан, Орусия, Эстония, Армения жана Кыргызстандын спортчулары катышты.