Крым көпүрөсү үчүн өч алуу: Орусия украин шаарларын аткылап жатат

Украинанын шаарлары 10-октябрдын таңынан баштап массалык ракеталык соккуларга жана Орусиянын камикадзе учкучсуз учактарынын чабуулдарына кабылды. Көптөгөн шаарларда суу жана жарыктык жок, адамдар баш калкалоочу жайларда жашынууда, каза тапкандар жана жарадар болгондор бар. Украинанын лидери Владимир Зеленский орусиялыктар энергетикалык инфраструктураны бутага алып жатканын айтты. Орусиянын президенти Владимир Путин соккуларды «Крым көпүрөсүнүн жарылуусуна жооп» деп атады.

Аткылоолор Киев, Житомир, Днепр, Харьков, Николаев, Одесса, Конотоп, Сумы облусу, Кременчуг, Полтава облусу, Львов жана Ивано-Франковск облустарында катталганы айтылууда.

«Эртең менен агрессор тарабынан 75 ракета атылган, алардын 41и биздин абадан коргонуу түзүмдөрүбүз аркылуу зыянсыздандырылды», — деп билдирди Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный.

Анын айтымында, Орусия Украинанын аймагына учкучсуз учактарды жана массалык түрдө ракета колдонуу менен абадан сокку урууда. Ал жарандарды баш калкалоочу жайларда болууга чакырды.

Кийинчирээк 83 ракета чыгарылганы тууралуу билдирүү пайда болду. Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Ростислав Смирнов алдын ала маалыматтар боюнча сегиз адам каза болуп, 24 адам жарадар болгонун билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский согуштун 229-күнүндө өлкөнүн бардык аймагында абадан чабуулдун кооптуулугу басаңдабай жаткандыгы тууралуу жарандардын эсине салып, каза тапкандар жана жарадар болгондор бар экенин белгиледи.

«Ондогон ракеталар, ирандык “Шахиддер”. Алардын эки максаты бар. Биринчиси — өлкө боюнча энергобъектилер. Киев жана Хмельницк облусу, Львов жана Днепр, Винница, Франковск, Запорожье, Сумск, Харьков, Житомир, Кривоград, Түштүк. Алар ызы чуу жана хаос салууну көздөшөт. Экинчи максат — эл. Көбүрөөк зыян келтириш үчүн атайылап ушундай убакыт жана ушундай максаттарды тандашты.

Бүгүн баш калкалоочу жайларда болгула. Дайыма коопсуздук эрежелерин сактагыла.

Эсиңерде болсун, Украина бул душман пайда болгонго чейин бар болчу, Украина андан кийин дагы бар болот», — деди Зеленский.

Орусияга ыктаган «Рыбарь» телеграм каналы бүгүн ракеталык соккулар урулган болушу мүмкүн делген Украинанын энергетикалык объектилеринин картасын жарыялады.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, 8 облуста жана Киевде инфраструктуралык объектилер жабыркап, 30дан ашык өрт чыккан.

«Теракттын натыйжасында 11 адам каза болуп, 64 адам ар түрдүү жаракат алды.

4 аймакта электр жарыгы жок: Львов, Полтава, Сумы, Тернополь. Украинанын калган аймактарында электр жарыгы жарым-жартылай үзгүлтүккө учурады», — деп билдирди ведомство.

Киевде ракеталардын соккулары шаардын борборуна жана вокзалдын аймагына урулган: Шевченко атындагы университет, балдар аянтчасы, көптөгөн унаалар, бизнес-борбор жана башка объектилер жабыркады. Шаардын мэри Виталий Кличко жаңы соккулардын коркунучу дагы деле сакталууда экенин эске салып, жарандарды кийим кече, суу, тамак-аш, кубаттоочу каражаттарды алып метронун ичине жашынып турууга чакырды.

Харьковдун башчысы Игорь Тереховдун айтымында, реактивдүү ракеталар системасынын ок атууларынан улам шаардын жашоосун камсыздаган маанилүү инфраструктура толугу менен иштен чыккан: электр жарыгы жана суу жок, интернет өчүп, метро токтотулган. Полтава облусунун Кременчуг районунда энергетикалык инфраструктура объектилери жардырылганын Полтава облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы Дмитрий Лунин билдирди.

«Бүгүн эртең менен Орусиянын Кара деңиздеги кемелеринен Украинага карай үч канаттуу ракета Молдованын аба мейкиндигин кесип өттү», — деп билдирди Молдованын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Нику Попеску.

Украинанын Чек ара кызматы Украинанын батышындагы маанилүү инфраструктуранын бузулушунан улам Евробиримдик өлкөлөрү жана Молдова Республикасы менен чек аралардагы өткөрүү пункттарынын иши үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин эскертет.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин 10-октябрдагы жыйынында Владимир Путин Украинага жасалган чабуулдар 8-октябрда, орус президентинин туулган күнүнүн эртеси болгон Крым көпүрөсүнүн жарылуусуна «жооп болгонун» айтты.

«Бүгүн эртең менен Коргоо министрлигинин сунушу жана Орусиянын Башкы штабынын планына ылайык, Украинанын энергетика, аскердик башкаруу жана байланыш объектилерине каршы абадан, деңизден жана кургактыктан жогорку тактыктагы алыскы аралыкка атуучу массалык курал колдонулду», — деди Путин.

Анын айтымында, Украина дагы Түрк агымын бузууга аракет кылып, Курск атомдук станциясына каршы 3 жолу теракт жасаган имиш.

«Орусиядан жооптор катаал болот жана масштабы боюнча Орусия Федерациясына келтирген коркунучтун деңгээлине туура келет», — деди Путин.

Крым көпүрөсү Путиндин бийлигинин символу жана сыймыгы катары кабыл алынат. Расмий версия боюнча, көпүрөдө селитра салынган фура жарылып кеткен. Жарылуунун кесепетинен көпүрөнүн унаа бөлүгүнүн үч аралыгы урап, жанаша жайгашкан бутактан өткөн мунай заттар жүктөлгөн цистерналар өрттөнүп, 5 адам каза болгон. Түштөн кийин Орусиянын бийлиги көпүрөнүн соо калган тилкесинде вагондордун кыймылын жана поезддердин кыймылын кайра баштаган.

Согуштун башталышында эле Украинанын өкүлдөрү көпүрөнү өз соккулары үчүн мыйзамдуу бута деп эсептей турганын билдиришип, биринчи мүмкүнчүлүк болору менен сокку урууга убада беришкен. Жардыруудан кийин батыш маалымат каражаттары Украинанын өкүлдөрүнө шилтеме жасап, ага украин атайын кызматтарынын тиешеси бар деп жазып чыгышкан. Бирок расмий Киев бул чабуул үчүн жоопкерчиликти алган эмес.