Бир шарт — маалымат тарабасын. Кемпир-Абад боюнча талкууга камера, телефон киргизилген жок

10-октябрда Жогорку Кеңештин профилдик комитети кыргыз-өзбек чек ара сызыгын макулдашуу боюнча жыйын өткөрүп жатат. Коомчулуктун көңүлүн Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилиши мүмкүн деген маселе бурду.

Бийлик алгач жыйын ачык өтөт деп ишендирген. Маселе саат 11:00дө каралып башталышы керек болчу, бирок башында журналисттер жыйындар залына киргизилбей жатты. Кийин камера, телефон жана ноутбуксуз кирүүгө уруксат берилди.

Журналист Семетей Аманбеков залга бир гана кагаз менен калем алып кирүүгө уруксат берилгенин айтты.

Залга телефон алып кирүүгө парламент депутаттарына да тыюу салынды.

«Бүгүн биз президентибиз Садыр Нуркожоевич Жапаровдун түздөн-түз көрсөтмөсүнүн негизинде кыргыз-өзбек чек арасында каралган, кол коюлган бардык протоколдорду ачыктап, эки өлкөнүн ортосундагы келишимдин долбоорун даярдап, парламент комитетинен өткөргөнү жатабыз. Ошонун бардыгын коомчулук менен кошо талкуулайлы деген оюбуз бар. Ошол эле мезгилде бир маселе болуп жатат, камераларды, телефондорду алы кирбестен, үндөрдү жаздырбастан, каалаган адам кирсе болот», — деди журналисттерге Ташиев.

Журналисттер жыйындар залында камера көтөргөн бир оператор бар экенин айтышты.

«Ташиев ал УКМКдан келген өзүнүн кишиси экенин айтты — баары тартылып алынат, бирок эч кимге көрсөтүлбөйт», — деп билдирди «Апрель».

Ошол эле кезде жыйындар залында парламенттин YouTube каналында түз эфир жүрүп жаткан, бирок ал дагы өчүрүлдү.

Буга чейин президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттигине интервью берип, парламенттин профилдик комитетине кыргыз-өзбек чек арасы боюнча документтерди ратификациялоо маселесин ачык режимде кароо тапшырмасын бергенин айткан.

Кемпир-Абад боюнча талаш

Кыргыз-өзбек чек ара арасынын жалпы узундугу 1 378 чакырымды түзөт. Анын ичинен 1 170и же 85% такталган. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тогуз талаштуу аймак бар. Ал аймактардын бири — Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун Өзбекстан менен чек арасында жайгашкан.

Садыр Жапаров суу сактагычтын Өзбекстанга берилишине каршы болгон Өзгөн районунун тургундары менен жолуккан.

Президент менен жолугушууга катышкан тургундардын бир бөлүгү Жапаровго суроо бере албай калышканына нааразы болушкан.

Өлкө башчы өз кезегинде Фейсбук барагына билдирүү жазып, талаштуу жерлердин дээрлик 99%ы Кыргызстандын пайдасына чечилгенин билдирген.

«Кудай буюрса, жакын арада келишимге кол коюлуп, парламенттен өтүп, келишим бузулгус болуп бекигенден кийин кайсы жерлер бизге өткөндүгү ачыкка чыгат. Жалпы эл чыдап күтө тургула. Негизинен талаш жерлер дээрлик 99 пайыз биз тарапка өттү. "Кемпир-Абадды" буга чейин толук Өзбекстан тарап көзөмөлдөп келсе, эми мындан ары 50/50 үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүп, плотинаны чогуу башкарабыз деген келишимге келдик. Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900 горизонтко түшүрдүк. Ошондо көлдүн жээгинен 1246 гектар жер бошоп, бизге өтүп жатат. Ал жерди ошол жерде жашаган элибиз түбөлүк айыл чарба багытына колдонушат», — деген ал.

Башкы беттеги сүрөт: АКИpress

Материалды даярдаган: Зулайка Эркимбаева.