Бишкек: Мэрия Баткенде каза тапкан Эламан Ураимовдун атын көчөгө берүүдөн баш тартты

Бишкек мэриясы Кара-Дарыя көчөсүн кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда каза болгон жоокер Эламан Ураимовдун атына өзгөртүүдөн баш тартты. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Телеграм каналында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, Кара-Дарыя көчөсүндө Тажикстандын элчилиги жайгашкан.

Бекешев муниципалитеттин жообун кошо жарыялады. Анда белгилүү инсандардын элесин түбөлүккө калтыруу комиссиясы жөнүндөгү жобого ылайык, инсандар каза болгондон беш жыл өткөндөн кийин гана алардын атын көчөгө ыйгаруу мүмкүн экени айтылат.

«Мындан тышкары, Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык, 2013-жылы Бишкектин проспектилерин, аллеяларын, аянттардын, шаардык парктардын, бульварлардын, көчөлөрдүн жана тилкелердин аталышын беш жылдык мөөнөткө өзгөртүүгө мораторий киргизилген. 2018-жылы бул мораторий он жылга узартылган», — деп билдиришти мэриядан.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкектин жана башка шаарлардагы көчөлөрдүн атын чек арада курман болгон аскерлердин атынан атоо демилгесин көтөрүшкөн.

Эламан Ураимов

29 жаштагы жоокер Эламан Ураимов 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда каза тапкан. Ал тажик аскерлерин Кыргызстандын аймагына өткөрбөө үчүн граната менен өзүн жардырган.

Ураимов Баткен облусунун Бужум айылындагы аскердик бөлүктүн командири болгон. Куралдуу кагылышууда башка жоокерлер менен кошо Достук айылындагы постто өз милдетин аткарып жаткан.

Ал Бишкек аскердик институтун бүтүргөн жана Асанов атындагы (Суворов аскердик окуу жайын) Кыргыз улуттук аскердик лицейин аяктаган. Ураимовдун артында эки баласы калды.