Сот укук коргоочу Рузиевди актаган өкүмдү жокко чыгарып, 80 миң сом айып салды

Ысык-Көл облустук соту 11-октябрда укук коргочу Камил Рузиевди медициналык маалымкатты жасалмалоо иши боюнча күнөөлүү деп тапты. Маалыматты «Клооптун» журналистине облустук соттун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Мурдараак аталган иш боюнча Каракол шаардык соту кылмыштын курамы жок болгондуктан Рузиевди актаган, бирок облустук сот бул чечимди жокко чыгарды.

Укук коргоочунун өзүнүн айтымында, Ысык-Көл облустук соту ага 80 миң сом көлөмүндө айып салды.

Рузиев бул чечим боюнча Жогорку сотко арыздануу ниети бар экенин билдирди. Ал медициналык маалымкатты жасалмалоо иши «атайын кызмат тарабынан токулган» деп белгиледи.

Рузиевдин иши

Камиль Рузиев — «Вентус» укук коргоочу уюмунун жетекчиси. 2015-жылы аны милиция кызматкерлери кыйнап, мындан ары Каракол ТИЗОнун ишин текшербейм, жабыркагандардын укугун коргобойм деп тилкат жазып берүүнү талап кылышкан. Укук коргоочуну кыйноого алуу боюнча иш кыскартылган.

Рузиев 2018-жылы укук коргоо органынын кызматкерлери чет элдик жарандын чөнтөгүнө бангизат салып койгону тууралуу коомчулукка айтып чыккан. Анда Бактияр Токушев аттуу тергөөчү чет элдикти кыйнап, күнөөнү мойнуна алдырганы тууралуу сөз болгон. Ушул окуядан кийин Рузиев тергөөчу тарабынан коркутууга кабылганын айткан.

Укук коргоочунун айтымында, тергөөчү Токушев анын өмүрүнө бир нече жолу коркунуч келтирген. Токушев Рузиевди курал менен коркутуп, башына табелдик тапанча такагандан кийин кызматынан алынган.

2020-жылдын 29-майында Рузиев Каракол шаарында соттон чыгып келе жатканда кайрадан. Аталган сотто Рузиевдин УКМКнын жана прокурорго карата доосу каралган болчу. Укук коргоочу өзүн кармагандар Рузиев доо арыз жазган УКМКнын кызматкерлери менен түздөн-түз байланышта деп билдирген.

Ал эки суткага убактылуу кармоочу изоляторго киргизилген, ал эми УКМКдан ЖМКга укук коргоочу «Алдамчылыкка» жана дарыланганы тууралуу медициналык маалымкаттарды жасалмалоого шектелип жатканы айтылган пресс-релиз келген.

Укук коргоочу өзү деле дарыланганын жашырган эмес, мурдараак ага кол салуу болуп, ден-соолугу солгундай түшкөнүн айткан. Ал дарыланганы тууралуу маалыматтар амбулатордук картада бар экенин, ооруканада жатканы тууралуу маалыматкаттарды жасалмалабаганын билдирген.

Рузиевдин иши боюнча сот иши 2020-жылы сентябрда башталган. Соттун башталышына жакын иштин материалынан «Алдамчылык» беренеси алып салынган.

2020-жылдын июнь айынын башында, укук коргоочу үй камагына чыгарылган соттон кийин УКМК мурда Рузиев кызыкчылыктарын коргогон үч кыргызстандыктын видеосун тараткан. Алар видеодо укук коргоочуну алдамчылыкта айыпташкан.

Видео чыгып кеткенден кийин андагы каармандардын бири укук коргоочуга карата эч кандай дооматы жоктугун айткан. Ал эми 2020-жылдын 28-июлунда Рузиевдин иши боюнча күбө катары өтүп жаткан адам Ысык-Көл облусунун ошол учурдагы башчысы Балбак Түлөбаевге арызданып кайрылган.

Ал УКМКнын кызматкерлери андан Рузиевге каршы «алдап» көрсөтмө алышканын билдирип, укук коргоочуга каршы кылмыш ишин токтотууну суранган.