Орусиянын Украинаны аннексиялоосу. Кыргызстан БУУда резолюцияга добуш берүүдөн карманды

БУУнун Башкы Ассамблеясы 12-октябрда Украинанын«Донецк» жана «Луганск» «элдик республикаларынын», оккупацияланган Херсон жана Запорожье облустарында өткөрүлгөн «мыйзамсыз референдумдарын» айыптаган резолюцияны кабыл алды.

БУУга мүчө 193 өлкөнүн 143ү макул деп добуш берди, каршы беш мамлекет — Орусия, Беларус, Түндүк Корея, Сирия жана Никарагуа. Дагы 35 өлкө, алардын ичинде Кыргызстан жана Борбор Азиянын башка мамлекеттери добуш берүүдөн карманышты.

Резолюциянын авторлору «мыйзамсыз референдумдун» жыйынтыгы юридикалык күчү жок жана Украинанын жогоруда айтылган облустарынын статусун өзгөртүүгө негиз боло албайт деп белгилешти.

Ошондой эле резолюцияда бардык мамлекеттерге жана эл аралык уюмдарга Орусия оккупациялаган украиналык аймактардын статусунун өзгөрүүсүн тааныбагыла деген чакырык камтылган.

«БУУнун Башкы ассамблеясы Москвадан 2022-жылдын 21-февралындагы (анда Орусия өзүн-өзү жарыялаган «ДЭР» менен «ЛЭРдин» көз карандысыздыгын тааныган – ред.) жана 29-сентябрдагы Украинанын Донецк, Запорожье, Луганск жана Херсон облустарынын айрым райондорунун статусуна байланыштуу чечимдерин токтоосуз жана эч кандай шартсыз жокко чыгарууну талап кылды. Анткени алар Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин бузуп, БУУнун Уставынын принциптерине каршы келет. Ассамблея Орусиянын бардык куралдуу күчтөрүн Украинанын аймагынан анын эл аралык таанылган чек араларынын чегинен токтоосуз, толук жана шартсыз чыгарып кетүүнү талап кылды», — деп маалымдалган БУУнун жаңылыктар порталында.

Жасалма референдумдар

Украинанын оккупацияланган аймактарында Орусиянын курамына кирүү тууралуу жалган референдумдар өткөн: «ДЭР», «ЛЭР» жана Херсон, Запорожье облустарынын кээ бир аймактарында 23-27 сентябрда болгон.

«Донецк» жана «Луганск» «элдик республикаларынында» «Орусиянын курамына киргиңиз келеби?» деген бир гана суроо берилген. Запорожье жана Херсон облустарынын оккупацияланган бөлүктөрүндө үч суроо бириктирилип берилген: «Сиз аймактын Украинадан бөлүнүшүн, облустун эгемендүү мамлекет түзүлүшүн жана анын Орусия Федерациясынын курамына Орусия Федерациясынын субъектиси катары киришин жактайсызбы?»

Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча, референдумга шайлоочулардын «ЛЭРде» 92,6%ы, «ДЭРде» 97,51%ы келген. Запорожье жана Херсон облустарында добуш берүүгө катышкандар 85,4% жана 76,86%ды түзгөн. Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары билдиргендей, шайлоочулардын 96-97% бул аймактардын Орусияга кирүүсүнө макул деп добуш беришти.

Бирок референдумдар купуялуулук сакталбай, куралчан адамдардын коштоосунда өткөн.

Оккупацияланган аймактардын бийликтери референдум бардык стандарттарга ылайык өткөнүн айтып, аргумент катары эл аралык байкоочулардын билдирүүлөрүн келтиришти. Бирок, «Fake News» программасынын журналисттери орусиячыл көз караштагы белгисиз адамдар байкоочу катары өтүп жатканын аныкташкан.

30-сентябрда Владимир Путин Кремлде аймактарды «Орусиянын курамына киргизүү» тууралуу келишимдерге кол койгон.

Украинанын президенти Владимир Зеленский жооп катары өлкө Түндүк Атлантика альянсына (НАТО) мүчөлүккө, тездетилген тартипте расмий түрдө кайрыла турганын айтты.

Украиналык аймактарды Орусия өз курамына киргизгенин көпчүлүк өлкөлөр тааныган эмес. Кыргызстан бул аймактарды орус аймактары деп таануу боюнча кандайдыр бир билдирүү жасай элек.

2022-жылдын 24-февралында орус аскерлери Украинага толук бастырып кирген. Октябрь айына карата Орусия Украинанын бир бөлүгүн оккупацияга алган. Согуш дагы деле жүрүп жатат.

2014-жылы Орусия референдум аркылуу Крымды аннексиялап алган. Көпчүлүк өлкөлөр Крымды Украинанын аймагы катары тааныйт. Ошол эле жылы Донецк жана Луганск облустары таанылбаган, өзүн өзү республика деп жарыялаган — «ДЭР» жана «ЛЭР» болуп калган.