Кадамжайда милициянын капитаны пара алууга шектелип кармалды

Баткен облусунун Кадамжай районунда милициянын капитаны пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу 13-октябрда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай РИИБдин кызматкери жол кырсыгы боюнча ишти токтотуу үчүн 40 миң сом өлчөмүндө пара талап кылганы аныкталган.

Буга байланыштуу «Пара алуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалган шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ленин РИИБдин 1-шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы пара алып жатканда кармалды

Чүй: Москва райондук милициясынын эки кызматкери пара алып жатканда кармалды