Ленин РИИБдин 1-шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы пара алып жатканда кармалды

Бишкекте Ленин РИИБдин 1-шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу 26-августта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал райондук милицияга түшкөн тургундардын арызын кароодо коррупциялык схема уюштуруп алган деп шектелүүдө.

Кармалган шектүү. Сүрөт: УКМК

Милициянын полковнигине «Опузалап пара алуу» беренеси менен иш козголду. Ал атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин, июль айынын аягында, Ленин райондук милициясынын эки кызматкери чет элдик жарандан 2 миң АКШ доллар пара алып жатканда кармалган. Алар пара берген кишиге тергөөгө чейинки текшерүү ишин токтотууну убадалашкан. Экөө тең УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Коррупциянын денгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2021-жылы жемкорлуктун деңгээли боюнча 27 упайга ээ болуп, 144-орунга чыккан. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 20 баскычка төмөн — мурдагы жылы Кыргызстан 31 упай менен 124-орунда болчу.

Тема боюнча:

УКМК: Ленин райондук милициясынын эки кызматкери пара алып жатканда кармалды

Сокулук РИИБдин жетекчилеринин бири 20 миң сом пара алып жатканда кармалды