Чүй: Москва райондук милициясынын эки кызматкери пара алып жатканда кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй облусунун Москва райондук ички иштер башкармалыгынын эки кызматкерин 70 миң сом пара алып жатканда кармады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, райондун тургуну эки милиция кызматкерине чара көрүүнү өтүнүп УКМКга арыз жазган. Ал укук коргоо кызматкерлери сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 200 миң сом алууга аракет кылганын айткан.

Ыкчам иликтөө ишинин натыйжасында Москва РИИБдин тергөө кызматынын эки кызматкери аталган сумманын 70 миң сомун алып жатканда колго түштү.

Бул боюнча «Опузалап пара алуу» беренеси менен иш козголуп, шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Үстүбүздөгү жылдын 26-августта Бишкекте Ленин РИИБдин 1-шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы пара алып жатканда кармалган. Анын райондук милицияга түшкөн тургундардын арызын кароодо коррупциялык схема уюштуруп алганы аныкталган.

Коррупциянын денгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2021-жылы жемкорлуктун деңгээли боюнча 27 упайга ээ болуп, 144-орунга чыккан. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 20 баскычка төмөн — мурдагы жылы Кыргызстан 31 упай менен 124-орунда болчу.

Тема боюнча:

УКМК: Ленин райондук милициясынын эки кызматкери пара алып жатканда кармалды

Сокулук РИИБдин жетекчилеринин бири 20 миң сом пара алып жатканда кармалды