Жалал-Абад: Бак-дарактарды массалык түрдө, мыйзамсыз кыюу фактысы аныкталды

Жалал-Абад облусунда бак-дарактарды массалык кыюу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, облустук токой чарбамсы администрациясы бак-дарак аянттарын массалык түрдө жок кылууга жол берген. Анын кесепетинен ар кандай диаметрдеги жалпы 112 бак мыйзамсыз кыйылганы белгилүү болду.

Ошондой эле ГАЗ-53 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаада мыйзамсыз кыйылган жети даракты ташып бараткан шектүүлөр кармалды. Бардык факты боюнча жеринде акты түзүлүп, жүк ташуучу унаа токой чарбасына өткөрүлүп берилди.

Министрликтин басма сөз кызматынан бардык материалдар кошумча иликтөө жүргүзүү үчүн укук коргоо жана көзөмөл органдарына жөнөтүлгөнүн кошумчалашты.

Бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу учурлары буга чейин да катталган. Ал эми бийлик 2019-жылы Кара-Көл көчөсүн кеңейтүү үчүн Ботаникалык бактагы 300дөн ашуун бак-даракты кыюуну пландаган. Бирок, Бишкектин тургундарынын нааразычылыктарынан кийин мэрия бак кыюудан баш тартып, жолду кеңейтпөөнү чечкен.

Тема боюнча:

Бишкекте 2017-жылы дээрлик 3 миң бак-дарак кыйылган

Бишкектин бийлиги 2018-жылы 2500 бак-даракты кыят