Ырчы Анжеликанын катышуусунда кыйылган бактар мыйзамсыз кесилгени аныкталды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча аймактык башкармалыгы Балыкчы — Ананьев — Каракол унаа жолундагы төрт бакты кыюуда 26 миң сомго жакын зыян келтирилгенин билдирди.

Анжелика Кайратованын Инстаграм барагынын скриншоту.

Эки күн мурда ырчы Анжелика Кайратова Инстаграм барагына «жол кырсыктарына себепчи болгон бак» кыйылып жатканын кабарлаган. Ал соцтармакка жарыяланган тасмадан бакты кыюу алдында түлөө өткөрүлгөнүн көрүүгө болот.

«Көптөгөн өмүрлөрдү алган, көптөгөн адамдарды сындыра турган, көптөгөн унаалардын айнектерин чогулткан бак дагы эле турат ушул жерде. Муну түп тамыры менен албаса болбойт», — деп айткан ал.

Ырчы бактарды кыюуга Түп райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы уруксат бергенин билдирген.

Көп жылдык бактардын кыйылышы соцалдык тармактын колдонуучуларынын арасында нааразычылык жаратып, «бакта эмне күнөө» деген пикирлер айтылган.

Мындан улам президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев бактарды кыюунун мыйзамдуулугун текшерүүнү тапшырган.

«Жерине баргыла. Эгер бул иш боюнча мыйзамсыз бак кыюу фактылары аныкталса, анда (жазуу же оозеки уруксат берген делген) жооптуу адамдар ээлеген кызматынан бошотулуп, мыйзам чегинде жазага тартылышы керек» — деген ал.

Ал эми Түп райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы ырчы Анжелика Кайратованын катыштыгы менен кыйылган бактар жол кырсыгына эч кандай тоскоолдук жаратпаганын белгилешкен.

«Бул мезгилге чейин санитардык талаптарга жооп бербей, жол коопсуздугуна коркунуч алып келет деген бактарды кыюуга жергиликтүү жетекчиликтин, экотехинспекциянын жана башка кызмат өкүлдөрдүн макулдугу менен АКТ түзүлүп, уруксат берилген. Ал эми 185-чакырымындагы кадимки өсүп жаткан бакты алып салууга эч ким уруксат берген эмес», — деп билдирген.

Ал эми окуя болгон күнү тартылган видеодо патрулдук милициянын кызматкерлери жүргөнүн көрүүгө болот.

Ырчы Анжелика Кайратова өткөн жылдын 23-январында үч кызы жана курбусу менен Балыкчы — Ананьево — Каракол трассасында баратканда жол кырсыгына кабылган. Анын омуртка сөөгү жабыркап, операция жасаткан. Ал эми бир кызынын эки буту сынган.

Тема боюнча:

Жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика Кайратовага операция жасалды