Бишкек мэриясы ботаникалык бакчадагы бак-дарактарды кыйбоону чечти

Гареев атындагы ботаникалык бакчадагы клён багы. Иллюстративдик сүрөт

Бишкек мэриясы 5-апрелде маалымдагандай, бийлик Гареев атындагы ботаникалык бакчадагы бак-дарактарды кыюу аркылуу Кара-Көл көчөсүн кеңейтпейт.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мындай чечим документтерди текшергенден соң табылган мыйзам бузуулардан кийин кабыл алынды. Сөз «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» мыйзамына каршы келгендиги жөнүндө болууда. Ал мыйзамга ботаникалык бакчалар да кирет.

«Белгилей кетсек, вице-мэр Улан Азыгалиев укуктук баа берилиши үчүн укук коргоо органдарына кат жолдоду», — деп жазды Бишкектин мэриясы.

Долбоорду кабыл алгандарга кандай жаза каралаарын Бишкектин мэриясы азырынча маалымдаган жок. Бирок мекеменин жазганы боюнча, Кара-Көл көчөсү боюнча бардык документация «мэр Албек Ибраимовдун убагында иштелип чыккан жана кабыл алынган».

Кара-Көл көчөсүнүн кеңейтилиши жана экологдордун нааразычылыктары

27-мартта Бишкек мэриясы журналисттер үчүн сырттан экскурсия өткөрүп, ал жерде Кара-Көл көчөсүнүн кеңейтилиши талкууланган. Ошондо Бишкектин бийлиги ботаникалык бакчанын аймагынан 300дөн ашуун бакты кыюу туура келээрин айткан.

Мындай чечим экологдор менен ботаникалык бакчанын директору Гүлайым Донбаеванын нааразачылыктарын жараткан. Алар бактарды кыюу «ботаникалык бакчанын экосистемасын бузат» деп жарыялашкан.

Бишкекте жолдорду реконструкциялоо 2017-жылдан тарта Кытай грантынын акчасына жүргүзүлүүдө — бул убакыт аралыгында 100 километрден ашуун жол оңдолуп, бул да болсо бактарды массалык түрдө кыюуга алып келген. Бактардын массалык кыйылышы жергиликтүү тургундар менен экологдордун нааразылыгын жараткан. Алар жолдорду кеңейтүү тыгын маселесин чечпейт деп көшөрүшкөн.