Ош шаарында мурдагы 24 жаштагы аялын өлтүрүүгө шектелген киши кармалды. Бул тууралуу 17-октябрда Ош ШИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, шектүү Өзбекстандын Анжиян облусунда жүргөн жеринен кармалган. Учурда ал Ош шаарына алып келинип, «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду.
Окуя 3-октябрда катталган. Киши мурдагы аялынын үйүнө келип, жаңжал чыккан. Ал учурда киши аялга бир нече жолу бычак сайып, кылмыш болгон жерден изин жашырган. Аял жеринде каза тапкан.
Маркумдун артында эки баласы калды.
Үй-бүлөлүк зомбулук жана фемицид
2021-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп табылган. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.
Amnesty International эл аралык укк коргоочу уюму 2021-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук «кең мүнөздүү» болгонун белгилеген. Уюмдун баяндамасында жабыркагандар кол салгандардан экономикалык жактан көз каранды болгондуктан жана кепке калуудан корккондуктан милицияга көп деле кайрылбаганы айтылган.
ИИМдин маалыматына ылайык, 2021-жылы 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталган.
Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.
Эгер сиз зордук-зомбулукка кабылсаңыз төмөнкү кризистик борборлорго кайрылсаңыз болот:
«Шанс» кризистик борбору: Бишкек, Чүй проспектиси 207, 509-кабинет - 0709 710 320;
«Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 - 0312512640;
«Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 - 0772328960;
«Акылкарачач» кризистик борбору — Ош облусу, Гүлчө айылы - 0555281423;
«Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 - 0776380777;
«Ак жүрөк» кризистик борбору: Ош, Ленин көчөсү 205 - 0 550 231 329, 0 322 245 976;
«Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461;
«Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890;
«Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713;
«Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077;
«Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084;
«Аялзат — аялдардын демилгесин колдоо» коомдук уюму: Каракол, Абдрахманов көчөсү 105-14 - 0392 251 091, 0553 835 717;
«Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары 0709 694 550;
«Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары 0706 383 637;
«Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору — Каракол шаары 0702 223 535, 0551 733 390.