Токмок: Милиция мал базарда аксакалдын ири суммадагы акчасын уурдагандарды издеп жатат

Милиция Токмоктогу мал базарда аксакалдан ири суммадагы акчасын уурдап кеткендерди издөө боюнча ыкчам иш-амалдарын баштады. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.

Белгиленгендей, уруулук фактысы Токмок шаардык ички иштер органдарынын кылмыштарды жана жоруктарды каттоо боюнча бирдиктүү реестрине катталды.

Буга чейин соцтүйүндө көзүнө жаш алган аксакал 120 миң сомун уурдатканын айтыа берип жатканы тартылган видео тараган. Күбөлөрдүн айтымында, окуя 16-октябрь күнү мал базарда болгон. Анда аксакал уурдаткан акчасына аш өткөрүү үчүн жылкы сатып алганы келгени айтылган.

Ал ортодо мал базардагы адамдар чоң атага жардам берүүнү чечип, ага 115 500 сом чогултуп беришкен.