Ысык-Көлдө бийиктиги 3 метрге жеткен балбал таш табылды

Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Ак-Булуң айылында жер айдоо учурунда балбал таш табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына тарыхый табылганы тапкан жергиликтүү тургун Эркин Турбаев билдирди.

Турбаевдин айтымында, бийиктиги 3 метрге жеткен балбал 2022-жылдын 15-октябрында табылган. Ал соко менен катуу бир нерсеге урунуп, сокосун сындырып алганын айтып берген. Эмнеге урунганын көрүү үчүн жерди казып тарыхий табылганы көргөн.

Ак-Булуң айылындагы тарыхчы Жанболот Абдыкеримов эстеликте өзгөчө белгилер бар экенин айтат.

«Эстеликте өзгөчө белгилер бар экен. Баш кийиминде чиймелер катылган. Мойнунда клон жана ортосундагы бир колу менен өзгөчө титулга кирген белгини көрсөтүп турат. Белинде сүрөттөр бар кур тагылып, ага сак доорунда колдонулган акинаки сыяктуу кыска кылыч түшүрүлгөн экен. Азырынча кайсыл кылымга таандык жана кимдерге жакындыгы бар экени белгисиз. Муну археологдор так аныктай алышат», — деди ал.

Тарыхчы айыл аймагында дагы көптөгөн эстеликтер бар болушу мүмкүн деп эсептейт.

«Ак-Булуң менен Фрунзе айылдарынын ортосунда байыркы (б.з.ч. 3-6-кылымдагы) сак доорундагы тарыхий дөбөлөр кеңири жайгашкан. Ошондой эле б.з.ч. 160-жылдардагы байыркы Сары-Булуң шаары (Чигу) Ысык-Көлдүн чыгыш жээгинде түптөлгөнү тарыхта маалым», — деп белгиледи тарыхчы.

Ак-Булуң айылдык кеңешинин депутаттары эстеликти айылдагы музейге жайгаштыруу керек, себеби табылга ички жана чет өлкөлөрдөн келген туристтерди кызыктырышы мүмкүн деп эсептешет.