Өкмөт башчы депутаттарды Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүүдө көмөктөшүүгө чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 19-октябрда депутаттарды Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүүдө көмөктөшүүгө чакырды.

Жапаров учурда коңшу өлкө менен чек араны макулдашуу маселеси чечүү стадиясына келгенин белгиледи.

«Учурдагы саясий жылуулукту [коңшу өлкө менен] кетирип албашыбыз керек. БУУнун прогнозуна караганда, жер үстүндөгү элдин жашоосу оңолуп, демография мындан дагы өсө берет. Бул көрүнүш жыл өткөн сайын жер маселесинин татаалдаштырарын баарыбыз түшүнүп турабыз. Жоопкерчиликти өзүбүзгө алып, чек ара маселелерине чекит коюшубуз керек», — деди ал.

Андан соң өкмөт башчы жакынкы өлкөлөрдөгө калктын өсүшү боюнча статистиканы келтирди.

«90-жылдары Өзбекстанда 20 млн адам бар болсо, азыр расмий статистика боюнча 35,5 миллионго жетти [...] Тажикстанда 5,2 млн адам болсо, азыр 10 миллионго жетишти [...] Демографиялык өсүү тез болуп жатканын көрүп жатасыздар. Ошол эле учурда, Ооганстанда 42 миллиондон ашык адам бар, анын 33%ы дээрлик тажик улутундагылар экенин билүү зарыл», — деди Жапаров.

Чек ара маселесине чекит коюуга чакырыкты Жапаров Ош облусунун Өзбекстан менен чектешкен Өзгөн жана Кара-Суу райондорунун аймагында жайгашкан Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы чуунун шартында жасады.

Ошол эле учурда чек араны делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы болуп эсептелген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы жер Өзбекстанга өтүп жатканын билдирген. Ошол эле учурда, ал суу сактагычты эки өлкө тең 50/50 пайдаланат деп ишендирген.

УКМКнын төрагасынын айтымында, анын ордуна чек арадагы райондордогу бир нече талаштуу тилкелердеги 19 миң 699 гектар жер Кыргызстанга өтөт.

Бирок Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө жергиликтүү тургундар жана айрым саясатчылар каршы чыгышууда. Мисалы, 15-октябрда суу сактагыч жайгашкан Ош облусунун Өзгөн районунда элдик курултай өтүп, ага жүздөгөн киши катышкан.

Алар суу сактагыч мурда талаштуу аймак болбогонун, дегеле эмне үчүн ал Өзбекстанга өтүп жатканын түшүнбөй жатышканын билдиришкен. Жергиликтүү тургундар Өзбекстан убадасына турбай, сууну жана суу сактагычтын тегерек четиндеги жерлерди колдоно албай калабыз деп кооптонушууда.

Бийликтин билдирүүсүнө караганда Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүү иши аяктап калды. Алсак, 1 378 чакырымды төзгөн чек аранын 1 170и же 85% такталган. Эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары 2022-жылдын 26-сентябрында өлкөлөр ортосундагы чек арадагы айрым тилкелер боюнча долбоорлорду макулдашуу боюнча процедураларды баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол коюшкан.

Дагы окуңуз:

Түшүмдүү жердин ордуна какыраган таш. Кыргызстан Кемпир-Абаддан кол жууса эмне болот?