Өкмөт MegaCom, «Кыргызпочтасы» жана «Кыргызтелекомду» бир холдингге бириктирет

Министрлер кабинети «Кыргызпочтасы», «Кыргызтелеком» жана MegaCom ачык акционердик коомдорун бир холдингге бириктирет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 19-октябрдагы отурумунда өкмөт башчы Акылбек Жапаров билдирди.

Отурумда депутат Дастан Бекешев ага почта кызматкерлери жардам сурап кайрылып жатышканын билдирди.

«Почта кызматы өзүн-өзү каржылагандыктан, алардын эмгек акысы 4-5 миң сом экен. Бул маселени кантип чечсе болот?» — деп сурады Бекешев Жапаровдон.

Өкмөт башчы бул үч компания бир холдингге бириктирилип, биринчи тапшырма алардын айлык акысын жогорулатуу болорун айтып жооп берди.

«Биз реформаларды баштоо стадиясындабыз. Кийинки жылы алардын маянасы жогорулайт деген үмүттөмүн. Ушул жылы көтөрүлөт», — деди Жапаров.

Анткен менен минкабдын төрагасы холдингдин ишмердүүлүгү кандай болору тууралуу толук маалымат берген жок.