«Учкун» басмаканасы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин басып чыгарат

Кыргызстандын билим берүү уюмдары үчүн окуу куралдарын «Учкун» ачык акционердик коому басып чыгарат. Мындай жарлыкка президент Садыр Жапаров 18-октябрда кол койду.

Мындай чечим мамлекеттик үлүшү бар жергиликтүү ишканалардын (компаниялардын) ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында чыгарылганы айтылат. Алсак, «Учкундун» уставдык капиталынын 77,36 %ы мамлекетке таандык.

Президент минкабга берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоого мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамдын тиешеси жок болгондой өзгөртүүлөрдү үч ай аралыгында иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү тапшырды.

Буга чейин «Учкун» жана «Гознак» ЖЧКлары (үлүшүнүн 65%ы мамлекетке караган) да бардык мамлекеттик маанидеги документтерди, Кыргызстандын жарандарынын жеке документтеринин өлкө ичиндеги жана чет өлкөдөгү бланктарын жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоо укугуна ээ болгон. Анын ичине катуу эсепке алынган жана отчёттуулугу бар документтер дагы кирет.