ЖМК: Жети киши «Клооп», «Азаттык» жана «Кактус» жабылсын деген катка кол койбогонун айтты

13-октябрдагы «Азаттыктын» кеңсесинин алдындагы митинг. Сүрөт: «Азаттык» / Гүлжан Турдубаева.

Bulak.kg жана «Политклиника» басылмаларынын журналисттери көз карандысыз үч медианы — «Клооп», Kaktus.media жана «Азаттыкты» жаап салууну талап кылып президентке ачык кат жөнөттү делген кишилер менен байланышып көрдү. Буга чейин «Кыргызстандагы белгилүү ишмерлер Жапаровду “Клооп”, “Азаттык” жана Kaktus басылмаларын жабууга чакырышты» деген аталыш менен макаланы «Вечерний Бишкек» басылмасы жарыялаган. Анда президентке жолдонгон катка 70 киши кол койгону жазылган.

Bulak.kg сайты аты аталган маданият ишмерлеринин бери дегенде жетөө эч кандай катка кол койбогонун аныктады.

Катка кол койгон жарандардын бир бөлүгү чындап эле жогорудагы басылмалардын жабылышын талап кылышканын тастыкташты. Бирок, тизмедегилердин көбү коомчулукка анча белгилүү эмес кишилер болуп чыкты, «Жарандык активист», «коомдук ишмер» жана «студент» деп көрсөтүлгөн кишилер менен журналисттер байланыша алган эмес.

Кол койбогондор кимдер?

«Азаттык», «Клооп» жана Kaktus.media басылмалары жабылсын деген талап менен жазылган катка кол койбогонун коомдук ишмер Төрөбай Колубаев, кыргыз Эл артисттери Самара Токтакунова жана Дарика Жалгасынова, экс-депутаттар Бахтияр Кадыров жана Равшанбек Сабиров, ошондой эле коомдук ишмерлер Шүкүрбек Эркебаев жана Курманбек Мейманкулов айтып беришти.

«Мен бир тойдо Нургазы менен (Анаркулов – “Майдан” гезитинин редактору) отуруп калдым. Ошондо аларды [“Азаттык”, “Клооп”, “Кактус”] жаптырам деп айткан. Мен жаба албайсың дегем. Ал колуман келет, “кол коюп бересиңби” деди. Мен ошондо макулдугумду бергем. Бирок, мен кайрылуунун текстин көргөн эмесмин, ал [Нургазы] да мага көрсөткөн эмес. Ыңгайсыз абалда калдым. Досторум жана башка канча деген адам мага чалып, бул эмне кылганың деп жатышат. Мен аны менен талашып жатканда кол коюп берем дегеним чын, бирок эч нерсеге кол койгон эмесмин», — деп айтып берди Мейманкулов.

Нургазы Анаркулов президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси. Ал аталган кызматты Садыр Жапаров президенттикке келген 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин ээлеген.

2021-жылдын январында Анаркуловду УКМКнын кызматкерлери өзгөчө ири суммада акча опузалоого шектеп кармашкан. Анда Анаркулов тергөө аяктаганга чейин үй камагына чыгарылган. Анаркуловго козголгон кылмыш иши эмне менен аяктаганын атайын кызмат ачыктаган эмес.

Кол койгондор кимдер?

Журналисттерге жогорудагы катка кол коюшканын Кыргыз драмтеатрынын директору Асылбек Өзүбеков, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков, эл артисттери Асан Турсункулов жана Нуржамал Табалдиева, «Чыгыш-Батыш стратегиясы» аналитикалык борборунун жетекчиси Дмитрий Орлов, УКМКнын мурдагы башчысы Болот Жанузаков жана «Ала-Тоо айымдары» коомдук-экологиялык фондунун башчысы Жыпаргүл Баргибаева ырасташкан.

Bulak.kg сайтына берген интервьюсунда Талгарбеков чечимин «”Азаттыкка” жарым жылдан бери кыжыры келип жүргөнү» менен түшүндүргөн. Анын пикиринде, басылма Орусиянын Украинага каршы согушун бир тараптуу чагылдырып жатат.

«Кол койгом. Себеби, Азаттыкка жарым жылдан бери кыжырым кайнап жүрөт. Анткени алар орус-украин согушун бир тараптуу көргөзүп келе жатат. Украина менен батышты жактап, орустарды мазактап жүрөт. Кыргыз бийлиги нейтралдуу позицияны ээлейбиз деп жарыя кылган. Ошону сыйлаш керек болчу. Андай кылбай, орустарды мазактап келе жатышат. Россия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз болуп эсептелет. Бир миллиондон ашык мигрантыбыз ошол жакта жүрөт. Ошого жаным кашайып, жиним келип жүргөм. Муну көргөндө дароо кол коюп койдум. Демилгечини билбейм. Жарандардын арасынан болсо керек», — деди Талгарбеков.

Журналисттин анда «Клооп» менен Kaktus.Media’нын кандай тиешеси бар деген суроосуна ал аталган басылмаларды билбей турганын жана катка «Азаттык» жазылганы үчүн гана кол койгонун айтып жооп берди.

«Мен кол койгом. Анткени “Азаттык” өзү чыр-чатакты жакшы көрөт. Өздөрү уюштуруп, өзүнүн кызыкчылыгы жалаң чыр-чатак. Жакшы нерсе жасабайт. Алар менден интервью алып, мен жөнүндө документалдык фильм тартышкан, мен Аскар Салымбеков жөнүндө айткан болчумун. Алар анын фамилиясын чийип салышыптыр. Ал мага жардам берген болчу да, мен ошол жөнүндө айтып берейин дегем. Алар ага өзүнчө акча төлөнүш керек деп туруп алышты. Көрүп атасыңарбы эмне болуп жатканын? Бизнесмен чыгармачыл адамга жардам берет, бирок чыгармачыл киши бул жөнүндө айтып бере албайт. Аларды биздин маданият кызыктырбайт. Ошондуктан мен кол койгонго макул болдум», — деп айтып берген Турсункулов.

Эл артисти Нуржамал Табалдиева каттын демилгечиси ким экенин билбей турганын, бирок кол койгонун айтат.

«Бизге жумушка келип эл артисттеринен кол коюп берүүнү суранышты. Мен да коюп бергем. Анктени алар көптөгөн туура эмес маалыматтарды жазып жүрүшөт. Өткөндө алар музейде чыр көтөрүп, бардыгыбызга негативдүү таасирин берген. Менин пикиримди сураганда аларга каршы экенимди айттым. Андан ары эмне кылышат, өздөрү чечип алышат», — деди Табалдиева.

13-октябрда «Азаттыктын» кеңсесинин алдындагы митингге катышкан Жыпаргүл Баргибаева басылма 2010-жылдагы Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык конфликтти жана жакында эле кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды туура эмес чагылдырганы үчүн катка кол койгонун айтып берди.

«Андан сырткары Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында ЛГБТ өкүлдөрү митингге чыгып, анын атын кирдетип коюшту. Алар биздин салттарга чоң сокку уруп жатышат. Демилгечи катары, кайсы бир Илимбек чыккандай болду (Илимбек Исраилов болушу мүмкүн, бажы кызматынын жетекчисинин экс-орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташы. Ал 2022-жылдын 12-октябрындагы митингде “Азаттыктын” офисин өрттөп салам деп коркуткан, ред.)», —дейт ал.

«Азаттык» радиосунун кеңсенинин алдындагы митинг 13-октябрда өткөн. Анда 30дай киши «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus.media көз карандысыз басылмаларынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылышкан. Митингге чейин, бир күн мурун депутат Дастан Бекешев кесиптеши Надира Нарматова «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus.media басылмаларын жабууга кол топтоп, президентке кайрылуу даярдап жатканын айтып чыккан. Нарматова өзү моюндаган эмес.