Кемпир-Абад маселеси: Жүздөн ашуун киши Куршабдан Өзгөндү көздөй жөө жүрүшкө чыкты

21-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы болгон эл жөө жүрүшкө чыкты. Алар «Кемпир-Абад Кыргызстанда калсын» деп талап кылышууда.

Акцияга келген 100дөн ашуун адам Куршаб айылынан чыгып, Өзгөн райондук администрациясын көздөй бет алды.

Жөө жүрүштүн катышуучулары «Кемпир-Абад берилбесин!», «Кемпир-Абад — түштүктүн Ысык-Көлү!» деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп чыгышты.

«Кыргыз эли, ойгонгула. Бардыгыбыз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып жүрүшкө катышалы. Жүрүш күн сайын болот. Урматтуу бийликтегилер, ушунча элдин ырыскысын кеспегиле. Элдин айтканына көңүл буруп, макул болушуңарды талап кылабыз», — деди жүрүштүн катышуучусу Келдибек Баймуратов.

Акциянын катышуучулары жөө жүрүштө эч кандай саясат жана бийликти басып алуу аракети жок экенин баса белгилешти.

Кемпир-Абад боюнча талаштар

Бийликтин билдирүүсүнө караганда Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүү иши аяктап калды. Алсак, 1 378 чакырымды төзгөн чек аранын 1 170и же 85% такталган.

Эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары 2022-жылдын 26-сентябрында өлкөлөр ортосундагы чек арадагы айрым тилкелер боюнча долбоорлорду макулдашуу боюнча процедураларды баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол коюшкан. Бирок чек араны такташууда Кемпир-Абад суу сактагычы маселе жаратууда.

Бир эле учурда чек араны делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы болуп эсептелген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы жер Өзбекстанга өтүп жатканын билдирген. Анткен менен Ташиев суу сактагычты эки өлкө тең 50/50 пайдаланат деп ишендирген.

Анткен менен жергиликтүү тургундар менен айрым саясатчылар Кемпир-Абаддын Өзбекстанга мүмкүн болуучу өткөрүлүшүнө каршы чыгып жатышат.

Алсак, суу сактагыч жайгашкан Ош облусунун Өзгөн районунда 15-октябрда элдик курултай өтүп, ага 600дөн ашуун адам катышкан.

Алар суу сактагыч мурда талаштуу аймак болбогонун, дегеле эмне үчүн ал Өзбекстанга өтүп жатканын түшүнбөй жатышканын билдиришкен.

Жергиликтүү тургундар Өзбекстан убадасына турбай, сууну жана суу сактагычтын тегерек четиндеги жерлерди колдоно албай калабыз деп кооптонушууда.