«Кемпир-Абадды алып жатабыз». Президент суу сактагычты эки өлкө бирге иштетерин айтты

Президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычын Кыргызстан менен Өзбекстан биргеликте ишкана түзүп, чогуу иштетерин айтты. Бул тууралуу ал «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

Өлкө башчысы «Кемпир-Абадды берген жокпуз, тескерисинче алып жатабыз» деп ишендирди. Анын айтымында, мындан ары суу сактагычтан насос аркылуу айылдарга суу тартып чыгуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

«60-жылдардан бери плотинаны алар башкарып келишти. Мындан ары плотинаны 50/50 пайыз кылып биргелешкен ишкана түзүп, чогуу башкарабыз деп келиштик. Суунун деңгээли 900 горизонттон өйдө көтөрүлүп кетпешин көзөмөлдөп туралы дедик», — деди ал.

Келишимдин шарттары тууралуу

Жапаров келишимде 1965-жылы 908 гаризонт деп бекиген суунун көлмүн 900гө түшүрүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, мурда 5 731 гектар жерди суу каптаса, эми 4 400 гектар жерди суу басат — калган 1 246 гектар жер Кыргызстанга өтөт.

«Кошуналар 4127 гектар жерди 1965-жылы беришти да. Ошондо ортодо дагы 300 гектардан ашыгыраак жер айырма болуп калды. Биз бүгүн ушул 300 гектар жер үчүн 1000 гектар жер алып атабыз. 500 гектар Өзгөндүн аймагынан, 500 гектар Сузактын аймагынан, — деди ал.

Өлкө башчысы келишим Жогорку Кеңеште ачык караларын айтып, элдин 99%ы бул келишимди колдойт деп ишенерин айтты.

«Кемпир-Абадды өзбек тарап курган»

Жапаров суу сактагычты 1965-жылы өзбек тарап курганын айтып, кыргыз тарап «бир тыйын акча салган эмес» деп билдирди. Ал ошо жылдары Өзбекстан суу басып калган жердин ордуна Баткен, Ош, Жалал-Абад облусуна жалпы 4 127 гектар жер бергенин кошумчалады.

«Ошондо азыркы суу басып жаткан 4 127 гектар жер ошол мезгилде эле өзбектерге өтүп жатпайбы. Чагымчылдар биз бүгүн берип жаткандай кылып кыйкырып атышат. Биз кыргыз тарап ал жерлерге үй салып, талаачылык кылып азыркыга чейин иштетип келе жатабыз. Буга архивдик документтер күбө», — деди ал.

Жапаров 1965-жылы Өзбекстан суу басып калган жердин ордуна берген 4 127 гектар жерге кайсы айылдар түптөлгөнүн тизмектеп санап берди.

Кемпир-Абаддын айланасындагы митингдер тууралуу

Жапаров Кемпир-Абад маселесин айрым адамдар чоң саясатка айлантып, бийлик «Кемпир-Абадды берип жатат» дегендердин айтканын «акмакчылык» деп атады.

Өлкө башчысы Кемпир-Абад боюнча жөө жүрүш, митингдерди кимдер айтайын уюштуруп жатканын билерин белгиледи. Анын айтымында, чагымчылдар элди тескери жака бурууга аракет жасап, аша чаап жатышат.

«Жогорку Кеңеште ачык каралат. Ошондо азыркы бир күндүк жеке кызыкчылыгы үчүн өзүн пиар кылып жүргөндөр катуу уят болушат. Бир күндү эмес, 50-100 жылды алдын ала көрө билип, туура жол менен кетип бара жатканыбызга күбө болосуздар», — деди ал.

Президент кыргы-өзбек чек арасы такталган соң Тажикстан менен дагы чек ара маселесин бүтүрөрүн кошумчалады.

21-октябрда Өзгөн районунда 100дөн ашуун адам Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы болгон эл жөө жүрүшкө чыгышкан. Тургундар акцияны бүгүн, 22-октябрда дагы улантышууда. Алар бийликтен «Кемпир-Абад Кыргызстанда калсын» деп талап кылып жатышат.

Кемпир-Абад боюнча талаштар

Бийликтин билдирүүсүнө караганда Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүү иши аяктап калды. Алсак, 1 378 чакырымды төзгөн чек аранын 1 170и же 85% такталган.

Эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары 2022-жылдын 26-сентябрында өлкөлөр ортосундагы чек арадагы айрым тилкелер боюнча долбоорлорду макулдашуу боюнча процедураларды баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол коюшкан. Бирок чек араны такташууда Кемпир-Абад суу сактагычы маселе жаратууда.

Бир эле учурда чек араны делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы болуп эсептелген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы жер Өзбекстанга өтүп жатканын билдирген. Анткен менен Ташиев суу сактагычты эки өлкө тең 50/50 пайдаланат деп ишендирген.

Анткен менен жергиликтүү тургундар менен айрым саясатчылар Кемпир-Абаддын Өзбекстанга мүмкүн болуучу өткөрүлүшүнө каршы чыгып жатышат.

Алсак, суу сактагыч жайгашкан Ош облусунун Өзгөн районунда 15-октябрда элдик курултай өтүп, ага 600дөн ашуун адам катышкан.

Алар суу сактагыч мурда талаштуу аймак болбогонун, дегеле эмне үчүн ал Өзбекстанга өтүп жатканын түшүнбөй жатышканын билдиришкен.

Жергиликтүү тургундар Өзбекстан убадасына турбай, сууну жана суу сактагычтын тегерек четиндеги жерлерди колдоно албай калабыз деп кооптонушууда.