Интернет үзгүлтүгү. Санарип министрлиги магистралдык линиялардын биринде авария болгонун билдирди

Кыргызстан боюнча интернет жай иштеп, маал-маалы менен үзүлүп жатат. Мобилдик операторлордун жана интернет провайдерлердин интернети начар болуп жатканы тууралуу биринчилерден болуп соцтүйүндөрдө Бишкектин тургундары айта башташты.

«Акнет» интернет провайдеринен интернет ылдамдыгы кыйла азайып же ал толугу менен жок болуп кеткендиги жогоруда турган провайдердеги техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам байкалып жаткан болушу мүмкүндүгүн билдирди. Ал жактан техникалык маселени жоюу үчүн зарыд иштер жүргүзүлүп жатканын белгилешти.

MegaCom компаниясынын басма сөз кызматы жогорку провайдердин магистралдык чубалгылардын бириндеги авариядан улам мобилдик интернетте убактылуу кыйынчылыктар болуп жатканын билдирди. Жакынкы убакытта интернетке болгон жеткиликтүүлүк толук калыбына келет деп ишендиришти компаниядан.

Ал эми «Кыргызтелеком» жана «Элкат» компанияларынан үзгүлтүктөргө провайдерлердин магистралдык каналдарында болгон авария себеп экенин билдирити.

Санарип өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан дагы авария магистралдык линялардын биринде болгонун билдиришти.

«Азыркы этапта байланышты калыбына келтирүү боюнча иштер активдүү жүрүп жатат жана жакынкы аралыкта толук калыбына келет. Мындан тышкары, резервдик каналга кошуу иштери жүргүзүлүп жатат», — деп айтылат компаниянын маалыматында.

Интернеттин начарлашы Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине жана саясий куугунттуктоого каршы Бишкек менен Ошто өтүп жаткан митингдердин шартында болуп жатат. Масштаптуу митингдердин учурунда интернеттин өчүшү биринчи эле жолу болгон жок — буга чейин эле ушундай болуп келген.

2020-жылдын октябрында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган жарандар менен 11 партиянын өкүлү нааразычылык акцияга чыгышкан. Күч органдары митингчилерди Ала-Тоо аянтынан кубалай баштаган маалда бишкектиктер байланыш начарлаганын айтып даттана башташкан.

Анда MegaCom компаниясы атайлап эч нерсе өчүрүлбөгөнүн айтып ишендирген.