Сот активист Атай Бейшенбекти эки айга камакка алды

23-октябрь, активист кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген учур. Сүрөт соцтармактардан алынды.

ИИМ тарабынан кармалган активист Атай Бейшенбек да эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Сотто Бейшенбек ага тагылган айып менен таптакыр макул эмес экенин баса белгиледи.

«Мага коюлуп жаткан айыптардын бирине дагы тиешем жок. Тагылып жаткан айыптын негизи болуп жаткан 22-октябрдагы жолугушууда мен болгон эмесмин. Бул жөн гана жалган-жалаа менен менин оозумдуу жабуу аракети», — деди ал.

Бейшенбек 20-октябрга чейин камакта болот.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 25-октябрга караган түнү массалык башаламандык уюштурууга шектелген саясатчылар менен активисттердин баш коргоо чарасын караган. Сот дээрлик таң атканча уланган.

Биринчи май райондук соту 20-декабрга чейин камакта калтыргандар:

Ал эми саясатчы Азимбек Бекназаровду сот 23-декабрга чейин, активист Улукбек Маматаевди 22-декабрга чейин, ал эми укук коргоочу Рита Карасартованы 21-декабрга чейин камакта калтырды. Кармалгандардын баары Бишкектин СИЗО-1де кармалат.

Аталгандардын баары буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындап келишкен. Жарандык коом бийликтен саясий куугунтукту токтотууну талап кылууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кемпир-Абад чуусу: Сот кармалгандардын дээрлик баарын эки айга камакка алды