Мамлекет ЖМКны коргогондун ордуна басым кылып жатат — депутат Тазабек Икрамов

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бийлик өкүлдөрүнүн ЖМКга жана сөз эркиндигине басымын туура эмес эсептейт. Бул тууралуу эл өкүлү паламенттин 27-октябрындагы жыйынында айтты.

Ал президенттин жана минкабдын парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытовго кайрылды.

«Конституциянын 10-беренесинде так жазылып турат да, “Жалпы маалымдоо каражаттарына мамлекеттик органдан, жергиликтүү башкаруу органдарынан маалыматтарды алуу, аларды жайылтуу жана ой-пикирин эркин билдирүү укугу кепилденет деп. Кыргыз Республикасында цензурага жол берилбейт. Жалпыга маалымдоо каражаттары эркин жана өз ишин мыйзамга ылайык жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугу мамлекет тарабынан корголот” деп турат да», — деди эл өкүлү.

Депутат 23-октябрда кармалган активисттер болгону өз пикирин билдиришкенин белгиледи.

«Атай, Эрлан деген жигиттер, булар өз пикирин, өз оюн айтканга укуктуу деп Конституцияда жазылып турат. Бүгүнкү күнү эч кандай бир, бийликке коркунуч болбогон нерсе менен эки айга жапкан туура эмес деп айтат элем», — деди ал.

Буга кошумча Икрамов бүгүнкү күндө көптөгөн сайттарга жана журналистикага басым болуп жатканын айтты.

«Конституцияга карама-каршы келип атат. Ошондой эле, “Азаттык” десек болот, [Азаттыктын] кеңсесинин алдына барып, “өрттөп кетем” деген адамдардан мамлекет тарабынан коргоо болуш керек болчу. Ал нерсе кылынбай, бүгүнкү күндө сөз эркиндигине басмырлоо, Конституцияга карама-каршы жумуштар жасалып жатканы өтө туура эмес болуп атат. [...] Жалпы кармалган, ой-пикирин айткан адамдар боюнча туура бир чечимге келесиздер деген ойдомун», — деп жыйынтыктады сөзүн Икрамов.

Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүн сындагандарды кармоо

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөргөнү жатканы үчүн бийликти сынга алган активист жана саясатчылар 23-октябрда үйлөрү тинтүүгө алынып кармалган. 24-октябрга карата жок эле дегенде 22 адамдын кармалганы белгилүү болгон.

Акыйкатчы институтунун башчысы Атыр Абдрахматова тинтүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери бир катар мыйзам бузууларга жол беришкенин, атап айтканда, кармалгандарды коркутуп, жакын туугандарынын мүлктөрүн алып коюшкан, суракка чакыруу кагаздары жок чакырышканын белгилеген.

Кийинчерээк сот кармалган 22 адамды Бишкектеги ТИЗО-1ге киргизген.

Ал эми активист Талант Эшалиевди сот ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарган. Ал сотко инфаркт болуу абалында алып келингени, андан соң абалы начарлап кеткендиктен кайрадан ооруканага жеткирилгени айтылган.

Кармалгандардын баары тагылып жаткан айыптарды моюнга алышпайт, алар куугунтук болуп жатканын билдиришүүдө.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөө чечимин кабыл алган.

Министрликтин маалыматында, буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгону айтылат.

Ал эми «Азаттыктын» өзүндө Эркин Европа/Азаттык радионун президенти Жейми Флайдын билдирүүсү жарыяланган. Анда Флай «эркин медианы куугунтуктоо кыргыз демократиясына көлөкө түшүрөт» деп белгилеген.

Фейктер тууралуу чуулгандуу мыйзам

«Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» чуулгандуу мыйзамга президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 23-августтунда кол койгон.Мыйзам интернетте жалган маалымат таратылса соттун чечими жок эле колдонуучунун жүзүн ашкерелеп, сайттардын ишине бөгөт коёт.

Мыйзамга кол коюлганга чейин эле юристтер, укук коргоочулар жана жарандык коом каршы чыккан. Мыйзамдын долбоору кескин сынга алынып, юристтер ал жарандардын сөз эркиндигине болгон конституциялык укугун «одоно» бузаарын жана интернетте мамлекеттик цензура орнотоорун белгилешкен.