АКШнын Мамдепартаменти «Азаттыктын» бөгөттөлүшүнөн улам «тынчсызданганын» билдирди

АКШ «Азаттыктын» сайтынын эки айга бөгөттөлүшүнө «терең тынчсызданып» жатат. Бул тууралуу 27-октябрда Мамдепартаменттин маалымат катчысы Нед Прайс жазып чыкты.

«Бул окуя көз карандысыз маалымат каражаттарына жана жарандык коомго кысымды күчөткөн өкмөттүн бир катар аракеттеринен кийин болуп жатат. Бардык иштеп жаткан демократиялар үчүн эркин басма сөз абдан маанилүү», — деп белгиледи Прайс.

Маданият министрлиги 26-октябрда «Азаттык» басылмасынын сайтын эки айга бөгөттөө чечимин кабыл алган. Буга басылманын 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалга байланыштуу «анык эмес маалымат таратканы» себеп болду деп белгилешкен.

Мындан улам өлкөдөгү бир катар коомдук уюмдар, ЖМК жана журналисттер «Азаттыктын» сайтынын бөгөттөлүшүнө байланыштуу ачык кайрылуу жасашкан.

Медиакоомчулук Маданият министрлиги эркин басма сөз каражаттарына каршы колдонгон «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамда «ашыкча кеңири, күмөндүү түшүнүктөр менен адилетсиз ченемдер» бар экенин белгилеген. Аны менен катар, бийликтен «сөз жана басма сөз эркиндигине басым жасоону» токтотууну талап кылган.

Ал эми 28-октябрда эркин медиага карата болуп көрбөгөндөй кысым болуп жатканына байланыштуу #күччындыкта #силавправде бирдиктүү хештеги аркылуу маалыматтык кампания башталды.

Басылмалар бүгүн күн бою мамлекеттик органдардын пресс-релиздерин жарыялоодон баш тартышты.