Кыргыз киберспортчусу Dota 2 боюнча дүйнөлүк турнирде экинчи орунду ээледи

Team Secret. Сүрөт / Twitter Dota 2

Dota 2 видео оюну боюнча Team Secret киберспорт командасынын курамында ойногон кыргызстандык Бакыт Эмилжанов (Zayac) дүйнөлүк ири The International 11 турниринин финалында командасы менен экинчи орунду ээледи.

Финалда Team Secret командасы Tundra Esports командасынан утулду. Жеңүүчүлөр 8,4 млн доллар сыйлык алып, ал эми Team Secret — 2,4 млн доллар байгеге ээ болду.

Киберспорт боюнча ири масштабдагы The International турниринин жыйынтыктоочу оюну 30-октябрда Сингапурда өттү.

Эмилжанов турнир башталып аягына чыкканга чейин сахнага кыргыз улуттук баш кийими, ак калпакчан чыгып жатты. Киберспортчу калпакты чоң энеси тартуулаганын айтат.

«Улуттук дегендин баары күч-кубат берет, Кыргызстанда [турнирди] көптөгөн адам көрүп, сыймыктанып жатканын билем. Ак калпак кийип барсам, мени баары көрүп байкарын билгем», — деди ал Mrs. Marple YouTube каналына курган маегинде.

Эмилжанов The International турнирине экинчи ирет катышып жатат. Биринчи жолу киберспортчу оюнга 2019-жылы Natus Vincere командасынын курамында катышкан, анда команда эң мыкты делген алдыңкы 8 команданын катарын толуктаган.

Эмилжанов Team Secret командасынын курамында расмий 2022-жылдын июль айынан бери ойноп келет.