Мамлекеттик айыптоочу активист Адилет Балтабайды беш жылга эркинен ажыратууну суранды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда социалдык түйүндөрдө Адилет Балтабай деген ат менен белгилүү жарандык активист жана блогер Адилет Али Мыктыбектин иши боюнча сот отуруму өттү. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Басылманын маалыматына ылайык, отурумда судья Балтабайдын социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөрү жана публикациялары боюнча дайындалган лингвистикалык экспертизалар аягына чыкканын билдирди. Активист массалык башаламандыктарга чыгууга үндөгөн деп айыпталууда.

«Бүгүнкү сот жараянында мамлекеттик айыптоочу лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, активисттин билдирүлөрүндө "мыйзамдын талаптарына баш ийбөөгө чакыруу, калайман нааразылык акцияларына чыгууга үндөөнүн белгилери бар" экенин айтты. Ал жеңилдетүүчү жана башка жагдайларды эске алуу менен блогерди беш жылга эркинен ажыратуу тууралуу өтүнүч келтирди», — деп жазат «Азаттык».

Адилет Балтабай өзү жана адвокаты активисттин аракеттеринде кылмыштын курамы жоктугун айтышууда.

Archa Media басылмасынын маалыматына ылайык, активистке өкүм 11-ноябрда чыгат.

Балтабаев 30-июнда «Массалык башаламандыктар» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу.

Next TV телеканалынын ээси Равшан Жээнбеков «Клоопко» Адилет Балтабаев акыркы эки айдан бери кабарчы болуп иштеп жатканын айткан. Ал дагы активист Балтабаевдин Фейсбуктагы посттору суракка чакырууга себеп болууда деп эсептейт.

Активист өзү Фейсбуктагы билдирүүлөрүнүн арасынан 20-30 пост тандалып алынып, экспертиза аларда массалык башаламандыктарга чакырык бар деген корутунду чыгарганын айткан. Ал өзүн күнөөлүү деп эсептебесин, өзүнө карата козголгон ишти сөз эркиндигине басым катары баалай турганын белгилеген болчу.

Тема боюнча окуңуз:

Абактан кат: Активист Адилет Балтабаев күч органдары сөз эркиндигине кысым көрсөтүп жатканын айтты