Активист Адилет Балтабаев 48 саатка камакка алынды

Бишкектин Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы Next TV каналынын штаттан тышкаркы кабарчысы, активист Адилет Балтабаев 48 саатка камалганын маалымдады. Ага «Массалык башаламандыктар» беренеси менен айып тагылууда.

30-июнда Балтабаев милиционерлер аны үйүнөн кармап кетишкенин жазып чыккан. Ал эми саясатчы, Next TV каналынын ээси Равшан Жээнбеков Балтабаевдин кармалганын «активдүү жарандык позициясы» менен байланыштырган.

Буга чейин Биринчи май РИИБдин кызматкерлери активистти эки ирет кармашкан. Апрелдин башында милиция Балтабаев кылмыш иштин негизинде РИИБге жеткирилгенин айткан. Бирок укук коргоо органдары кайсы кылмыш иши экенин ачыктаган эмес.

Ал эми 30-майда милиция кызматкерлери Балтабаевди көзөмөл-кассалык аппарат орнотууга каршы нааразычылык акциясында түз эфир берип жатканда кармап кетишкен. Биринчи май райондук милициясынан активист массалык башаламандык иши боюнча кармалганын айтышкан.

Активист милицияда беш саат сурак берип чыкканын белгилеп, ага карата «УКМК тараптан куугунтук болуп жатканын» айткан.

Адилет Балтабаев активист катары белгилүү. Ал соцтүйүндө сөз эркиндигине болгон басым, Жер үй алтын кени жөнүндө, Кыргызстандагы ККМге жана кумарканаларага, президенттик резиденциянын курулушуна каршы постторду жарыялаган. Ошондой эле, Балтабаев журналист Болот Темировду колдоп келген.

Дагы окуңуз:

Активист Адилет Балтабаев: Куугунтуктун шамалы УКМК тараптан болуп жатат