Абактан кат: Активист Адилет Балтабаев күч органдары сөз эркиндигине кысым көрсөтүп жатканын айтты

Активист Адилет Балтабаев коомчулукка абактан кат аркылуу кайрылуу жасады. Ал күч органдары сөз эркиндигине «тоталитардык режимдин кысымын көрсөтүп жатат» деп белгиледи.

Балтабаев мурда өзүн эркин өлкөнүн мыйзамдуу укугун билген жараны катары алып жүргөнүн айтты.

«Биз өзүбүздү эркин өлкөнүн жарандарындай мыйзамдуу укуктарыбызды колдонуп, мамлекет алдындагы милдетибизди түшүнгөн инсан катары алып жүргөнбүз. Тилекке каршы күч структуралары сөз эркиндигине тоталитардык режимдин кысымын көрсөтүүдө. Мага абдан маанилүү болгон ар бириңиздердин урааныңыздар акыры жеңишибизге чоң салым болот деп ишенем», — деп жазды ал.

Ошондой эле Балтабаев ага колдоо көрсөткөн журналисттер, саясатчылар жана активисттерге ыраазычык билдирди.

Адилет Балтабайевдин иши

Адилет Балтабаев 30-июнда көзөмөл-кассалык аппарат орнотууга каршы нааразычылык акциясында түз эфир берип жатканда кармалган. Ага «Массалык башаламандыктар» беренеси менен кылмыш иши козголуп, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Анын иши 5-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

Балтабаве ага чейин дагы милиция тарабынан кармалып, чакырганда келип турууга милдеттенмеси менен бошотулган. Ал Next TV телеканалынын журналисти катары да белгилүү.

Каналдын ээси жана саясатчы Равшан Жээнбеков Балтабаев фейсбукка жазган посттору үчүн кармалганын айткан.

Адилет Балтабаев соцтүйүндөгү постторунда сөз эркиндигине болгон басым, Жер-Үй алтын кени жөнүндө, ККМге жана кумарканаларага, президенттик резиденциянын курулушуна каршы пикирин жазып келген. Ошондой эле, ал журналист Болот Темировду колдоп чыккан.