Орозайым Нарматованын атасынын ден соолугу начарлаганы айтылды

Камакка алынган активист, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованын атасынын ден соолугу начарлап кетти. Бул тууралуу активисттин курбусу Назира Алибекова билдирди.

«Нарматованын бир тууган жалгыз агасы былтыр каза болгондон кийин атасы тынбай ооруп, эки жолу Кыргызстанда ооруканага жатып чыкса да шыпаа таппады. Ошондуктан Орозайым жанына чакырып дарылатып, өзү карап жаткан. Орозайымдын санаасында, оюнда азыр бир гана атасы болсо керек», — деди ал.

Алибекова «бийлик активистти эртерээк бошотот деген ишеничтемин» деп белгиледи.

Нарматованын кармалышы

27-октябрда Нарматова Москва шаарынан кармалганы кабарланып, активист Илгиз Шаменов менен бирге Бишкекке жеткирилген. Шаменов Нарматова экөөнө «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча иш козголгонун маалымдаган. Сот экөөнү тең 20-декабрга чейин камакка алган.

ИИМ «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярданууга» шектеп кармаган активист жана саясатчылардын саны дээрлик 30га жакындады. Сот аларды эки айга камакка алган. Кармалгандар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындап келишкен.

Орозайым Нарматова өлкөдөгү окуяларга пикирин активдүү билдирип, бийликти сындап келген. Ошондой эле ал Кемпир-Абаддын коңшу өлкөгө берилишине каршы чыккандардын бири.

Нарматова Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына Бүтүн-Кыргызстан партиясы менен келип, депутат болуп шайланган. Бирок УКМК Нарматова дипломун мыйзамсыз алганын билдирип кылмыш-ишин козгогон.

Кийинчерээк БШК Нарматованын талапкер катары каттоосун жана мандатын жокко чыгарган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Орозайым Нарматова милициянын «адамгерчиликсиз» мамилеси тууралуу арыз жазды