Орозайым Нарматова милициянын «адамгерчиликсиз» мамилеси тууралуу арыз жазды

2-ноябрда Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова Бишкек шаардык милициясынын кызматкерлеринин «адамгерчиликсиз мамилеси» тууралуу арыз жазганын билдирди.

Маалыматка ылайык, улуттук борбордун кызматкерлери ТИЗО-1ге барып, камакта жаткан Орозайым Нарматова жана активист Илгиз Шаменов менен жолуккан.

Нарматованын айтымында, милиция кызматкерлери аны Москвадан Бишкекке учуп келери менен кармап кетип, жактоочусу жок суракка алган.

«4-5 сааттык сурак учурунда мага тамактанууга, дааратканага барууга жана адвокат чакырууга мүмкүндүк беришкен жок», — деген ал.

Ал эми Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору милициянын бул кылганы «адамдын кадыр-баркына доо кетирирген катаал мамилеге барабар» деп эсептейт.

Мекеменин басма сөз кызматы Нарматованын арызы бардык жагдайларды териштирип, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн прокуратурага жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Ал эми активист Илгиз Шаменов кыйноо же катаал мамиле жасалганы тууралуу борборго эч кандай арыз берген эмес.

27-октябрда Нарматова Москва шаарынан кармалганы кабарланып, активист Илгиз Шаменов менен бирге Бишкекке жеткирилген. Шаменов Нарматова экөөнө «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча иш козголгонун маалымдаган. Сот экөөнү тең 20-декабрга чейин камакка алган.

Ага чейин ИИМ «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярданууга» шектеп 20дан ашык активист жана саясатчыны кармап, үйлөрүн тинтүүгө алган. Сот аларды эки айга камакка алган. Кармалгандар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындап келишкен.

Орозайым Нарматова деген ким?

Орозайым Нарматова өлкөдөгү окуяларга пикирин активдүү билдирип, бийликти сындап келет. Ошондой эле ал Кемпир-Абаддын коңшу өлкөгө берилишине каршы чыккандардын бири.

Нарматова Садыр Жапаров куугунтукталып жүргөндө тарапташы болчу. Ал Жапаровду чет өлкөдө жана абакта отурганда дагы колдоп жүрчү. Ал эми Жапаров бийликке келген учурда активист айым Жапаровдон көңүлү калганын билдирген.

Ал Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына «Бүтүн-Кыргызстан» партиясы менен келип, депутат болуп шайланган. Бирок УКМК Нарматова дипломун мыйзамсыз алганын билдирип, кылмыш-ишин козгогон.

Кийинчерээк БШК Нарматованын талапкер катары каттоосун жана мандатын жокко чыгарган.

Нарматова 2021-жылдын 10-сентябрында таңкы саат беште Ош эл аралык аэропортунан кармалган. Активист Ошко агасынын сөөгүн алып келип, жерге берип, кайра Орусияга кайтып жаткан болчу.

Анда ИИМден активист бийликти сындап жүргөнү үчүн кармалды деп ачык эле айтышкан. Ага «Улуттар аралык, рассалык, этностук, диний багытта кастыкты козутуу» беренеси менен айып тагылган.

Тема боюнча:

Шаменов: Ташиев Нарматова экөөбүздү «коркунучтуу кылмышкердей» орус бийлигинен суратыптыр