Мурдагы депутат Орозайым Нарматова 20-декабрга чейин камакка алынды

29-октябрда Биринчи май раойндук соту мурдагы депутат, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованы эки айга камакка алды.

Активист 20-декабрга чейин Бишкек шаарындагы ТИЗО-1де болот.

27-октябрда Нарматова Москва шаарынан кармалганы кабарланып, Бишкекке жеткирилген. Орусияда кармалган активист Илгиз Шаменов Нарматова экөөнө «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча иш козголгонун маалымдаган.

Ага чейин ИИМ «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярданууга» шектеп 20дан ашык активист жана саясатчыны кармап, үйлөрүн тинтүүгө алган. Сот аларды эки айга камакка алган. Алардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындап келишкен.

Орозайым Нарматова деген ким?

Орозайым Нарматова өлкөдөгү окуяларга пикирин активдүү билдирип, бийликти сындап келет. Ошондой эле ал Кемпир-Абаддын коңшу өлкөгө берилишине каршы чыккандардын бири.

Нарматова Садыр Жапаров куугунтукталып жүргөндө тарапташы болчу. Ал Жапаровду чект өлкөдө жана абакта отурганда дагы колдоп жүрчү. Ал эми Жапаров бийликке келген учурда активист айым Жапаровдон көңүлү калганын билдирген.

Ал Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына «Бүтүн-Кыргызстан» партиясы менен келип, депутат болуп шайланган. Бирок УКМК Нарматова дипломун мыйзамсыз алганын билдирип, кылмыш-ишин козгогон.

Кийинчерээк БШК Нарматованын талапкер катары каттоосун жана мандатын жокко чыгарган.

Нарматова 2021-жылдын 10-сентябрында таңкы саат беште Ош эл аралык аэропортунан кармалган. Активист Ошко агасынын сөөгүн алып келип, жерге берип, кайра Орусияга кайтып жаткан болчу.

Анда ИИМден активист бийликти сындап жүргөнү үчүн кармалды деп ачык эле айтышкан. Ага «Улуттар аралык, рассалык, этностук, диний багытта кастыкты козутуу» беренеси менен айып тагылган.

Тема боюнча:

Шаменов: Ташиев Нарматова экөөбүздү «коркунучтуу кылмышкердей» орус бийлигинен суратыптыр