«Сыймыктанам». Sierra кафесинин негиздөөчүсү кыргыз жарандыгын алды

Кыргызстандагы жана Өзбекстандагы Bishkek Coffee Roasters жана Sierra кофеканаларынын негиздөөчүсү Брэд Бреннеман кыргыз жарандыгын алды. Бул тууралуу ишкер Фейсбук барагында жазып чыкты.

Бреннемандын айтымында, 28 жыл Борбордук Азия өлкөлөрүндө жашап, эми кыргыз паспортун алып, «борборазия жараны» болуп отурат.

«Менин Борбордук Азиядагы жашоомдун биринчи күнү 1994-жылдын 27-сентябрына туш келген. Кыргыз жарандыгы (узаккка созулган каттоо жана күтүүлөрдөн кийин) 2022-жылдын 23-сентябрында колума тийди, дээрлик 28 жылдан кийин. Өзүмдүн Аотеароа (Жаңы Зеландия) паспортумду, эми болсо Кыргыз Республикасынын жарандыгын алып жүргөнүмө сыймыктанам», — деп жазды ал.

Бизнесмен Бишкекте жашаган 12 жылда анын командасы көп эмгектенгенин жана алар кофеканалар тармагын түзгөнүн кошумчалады.

«Кыргызстандагы эркиндик, кыялдын артынан ээрчүү укугу үчүн күжүрмөн күрөшкөн, Кыргызстан башка өлкөлөрдөн келип, жашап “бул жерди” өз үйүнө айланткандарга дайыма ачык өлкө болушуна [салым кошкон] бардык досторубузга жана кесиптештерибизге ыраазычылык билдирем», — деп кошумчалады Бреннеман.