Бишкек: Авариялык кырдаалдан улам бир катар мектеп жана бала бакчаларда жылуулук берүү токтотулду

Иллюстративдик сүрөт

Бишкекте авариялык кырдаалдан улам 10-ноябрда бир катар мектептерде жана бала бакчаларда жылуулук берүү токтотулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, №65 жана 39-мектептерде, ошондой эле №173 жана 75-бала бакчаларда жылуулук берүү токтотулган.

Мэриядан билим берүү мекемелеринде жылытуу системасы ишке киргенде авариялык кырдаал жаралганына байланыштуу жылытуу токтотулганын белгилешти.

«Капиталдык курулуш башкармалыгы тендерлерди ыкчам өткөрүп, подрядчылар менен келишимдерди түздү. Маселе муниципалитеттин жетекчилигинин көзөмөлүндө», — деп билдиришти.

Мэриянын билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Данияр Абдуазизов «Клоопко» жылуулук көйгөйлөрү жоюлганга чейин аталган мекемелер онлайн окутуу режимине өткөнүн белгиледи.

«Жылытуу мезгилине даярданууда №65 мектептин ички системалары текшерилип, баары иштеп жаткан. Бирок жылуулук берилгенде күчтүү басымдан улам авариялык кырдаал жаралды. Ал эми №50 мектепте дааратканаларды оңдоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу 25-ноябрга чейин онлайн окутууга өттү. Эгерде, оңдоо иштери мөөнөтүнөн эртерээк бүтсө, окуу процессин токтоосуз түрдө эки мекемеде тең офлайн түрүндө баштайбыз», — деди Абдуазизов.

Ошондой эле ал №39 мектепте эки корпус бар экенин, алардын биринде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, ал эми экинчисинде билим берүү жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Быйыл Бишкекте жылытуу мезгили 26-октябрда башталган. Мэриядан жылуулук берүү биринчи кезекте мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык камсыздоо мекемелеринде баштаалары кабарланган.