Президент маморгандарды Майлуу-Суу заводунун лампаларын сатып алууга милдеттендирди

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча тескемеге кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жапаров минкабга бир ай ичинде мамлекеттик жана бюджеттик органдар Майлуу- Суу лампочка заводунун товарларын сатып алуу талабын коюуну тапшырды. Уставдык капиталындагы мамлекеттик үлүш 50 жана андан ашык пайызды түзгөн мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, акционердик коомдорго, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдоруна товарларды «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коомунан сатып алуу сунушталды.Майлуу-Суу лампа заводу 1967-жылы ишке киргизилген. 1974-жылы завод бир жылдын ичинде 1 миллион даана электр лампасын өндүргөн.

2003-жылы ишкана орус ишкерлерине 3,6 млн долларга сатылган. Заводдун карызы жылдан жылга өсүп отургандыктан 2009-жылы банкрот деп жарыялаган.

Андан кийин «Майлуу-Суу лампа заводу» ЖЧКсы түзүлгөн. Ошондон бери өндүрүштү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун Банкрот иштери боюнча департаменти тарабынан дайындалган администратор башкарып келет.

2020-жылы завод кайрадан банкротко кептелгени жана ал «Кыргызмунайгаздын» башкаруусуна өткөнү кабарланган. 2022-жылдын башында ишканага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев барган жана Майлуу-Суу лампочка заводун жандандыруу ниети бар экенин билдирген.