«Жашыруун». Канат Исаевдин туугандары жана журналисттер сот залына киргизилген жок

Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча аппеляциялык арызы каралып жатат.

Сот имаратынын алдына транспоранттарды көтөргөн тарапташтары чогулуп, Исаевди бошотууну талап кылып жатышат.

Ал арада «Клооптун» кабарчысы сот залына экс-депутаттын тарапташтары жана журналисттер киргизилбегенин айтып берди.

Буга «материалдар жашыруун» деген себеп айтышты.

Сот залына ошондой эле саясатчынын туугандары да киргизилген жок. Видео жаздыруулардан жок эле дегенде үй-бүлөсү менен кызын учурашып чыгуу үчүн киргизүүнү суранып жатышканын угууга болот.

Эске салсак, мурдагы эл өкүлү 23-октябрда кармалган. Ага карата иш козголуп, 23-ноябрга чейин УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген. Кармалганга чейин бир күн мурун Исаев Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетине мүчө болуп кирген.

Соттон экс-депутаттын 2018-жылдын 1-октябрынан бери эч кайда кетпөө тил каты бар экенин билдиришти.

Бирок Исаевге карата козголгон кылмыш иши жашыруун гриф экенине таянып кеңири маалымат беришкен жок.

Мурдагы депутаттын туугандарынын айтымында, 23-октябрь күнү аны УКМКга суракка чакырып, бир нече сааттан кийин кармап кетишкен.

Сөз 2017-жылы козголгон кылмыш иши тууралуу болуп жатат. Анда УКМКнын кызматкерлери Исаевди «бийликти күч менен басып алууга» даярдык көрүүгө шектеп кармашкан.