Активист Адилет Балтабайга үч жылдык пробациялык көзөмөл дайындалды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-ноябрда «Массалык башаламандыкка чакырык жасоого» айыпталган активист Адилет Балтабай иши карады. Сот аны күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды. Ошол эле маалда үч жылдык пробациялык көзөмөл менен сот залынан бошотту.

Мекеменин басма сөз кызматынан, өкүм күчүнө киргенге чейин Балтабайга карата эч жакка кетпөө тил каты түрүндөгү бөгөт чарасы колдонулат.

Активист сот залынан бошотулгандан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип, сот «жакшы чечим» чыгарганын айтты.

«Жакшы чечим чыкты. Мен чынынды ыргылжың болобу деп ойлодум эле [...] Мага актоо чечими чыккан жок, ошон үчүн көп деле сүйүнгөн жокмун. Убакыт өтөт, балким бул бийлик же кийинки бийлик мени актап берет деп ойлойм», — деди ал.

Адилет Балтабай иши

Балтабай ушул жылдын 30-июнда «Массалык башаламандыктар» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Next TV телеканалынын ээси Равшан Жээнбеков «Клоопко» Адилет Балтабай акыркы убакта каналдын кабарчысы болуп иштеп жатканын айткан. Ал дагы активист Балтабаевдин Фейсбуктагы посттору суракка чакырууга себеп болду деген оюн айткан.

Активист өзү Фейсбуктагы билдирүүлөрүнүн арасынан 20-30 пост тандалып алынып, экспертиза аларда массалык башаламандыктарга чакырык бар деген корутунду чыгарганын айткан. Ал өзүн күнөөлүү деп эсептей турганын, өзүнө карата козголгон ишти сөз эркиндигине басым катары баалай турганын белгилеген болчу.

Ал эми сентябрь айында Балтабай козголгон кылмыш иши Бишкектин биринчи май райондук сотуна өткөн.

1-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда анын сот отуруму өткөн. Отурумда судья Балтабайды социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөрү жана публикациялары боюнча дайындалган лингвистикалык экспертизалар аягына чыкканын билдирген.

Сотто мамлекеттик айыптоочу судьядан активистти беш жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.