Ноокатта жергиликтүү кеңештин депутатынын унаасын өрттөп кетишти

8-ноябрь күнү Ноокат районунда белгисиз адамдар жергиликтүү кеңештин депутаты Орозали Исаковдун унаасын өрттөп кетишти. Бул маалыматты Ош ОИИБден тастыкташты.

Депутат Исаков аталган окуя тууралуу «Турмуш» басылмасына комментарий берип, бул окуя анын депутаттык ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу ыктымал экенин айтты. Мунун себебин «коррупциялык мүнөздөгү мыйзам бузууларды айтып чыкканына байланыштуу» деп түшүндүрдү.

Милициядан окуя тууралуу маалымат аларга саат 19:30 чамасында келип түшкөнүн билдиришти. Анда Ноокат районунун Жийде айылынын 62 жаштагы тургуну Тойота Prado үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз жарандар күйгүзүп, изин жашырып кеткенин айтып кайрылган.

Маалыматка ылайык, өрт өз убагында өчүрүлгөн, ал эми унаанын алдыңкы дөңгөлөктөрү күйүп кеткен.

Аталган факты милицияга катталып, «Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда иликтөө иштери улантылып жатат.