ИИМ: Тогуз айда мал уурулук боюнча 629 кылмыш иши катталып, 256 ууру колго түштү

Өлкөдө быйылкы жылдын тогуз айында мал уурулук боюнча 629 кылмыш иши катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 11-ноябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, мал уурулук боюнча 422 кылмыштын бети ачылып, жалпы 256 ууру колго түштү.

«Мал уурулуктун 552 учуру түн ичинде катталса, 133 учуру күндүз катталган. Менчик сарайлардан мал уурдоо фактысы 273тү, жайыттан жана талаадан уурдоо учуру 346ны түздү», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле топтошуп алып уурулук кылган айыпталуучулардын саны 125ти түзүп, алар 140 чукул ири жана ача туяктуу мал уурдаган.

Милиция тогуз ай ичинде мал уурдаткан кишилерге жалпы 56 миллион 609 миң сом өндүрүп берген.

Тема боюнча:

Быйыл тогуз айдын ичинде жол кырсыгынан 477 киши каза болду, анын 79у жаш бала

ИИМ: Быйыл тогуз айда 36 миң 696 кылмыш иши ачылды

Жайыл районунда мал уурдап 700 миң сомго жакын чыгым келтиргендер кармалды