Жайыл районунда мал уурдап 700 миң сомго жакын чыгым келтиргендер кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Чүй облусунун Жайыл районунда мал уурдоого шектелип 2 жаран кармалды. Алардын мындан башка бир нече кылмышка катыштыгы бар экени аныкталып, учурда тергөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу «Клоопко» Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 20-февралда Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун эки жылкы уурдатканын айтып, арыз жазган. Ал ууруларды жоопко тартууну өтүнгөн. Келтирилген материалдык чыгым 180 миң сомду түзгөн. Бул факты Кылмыш кодексинин «уурулук» беренеси менен каттоого алынган.

Мындан тышкары райондун ички иштер бөлүмүнө мал уурулук боюнча үч арыз келип түшкөн. Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш аракеттеринин натыйжасында мал уурулукка шектелип 21 жаштагы Д.Р. жана 20 жаштагы О.А. аттуу жарандар кармалган. Алар Жайыл РИИБдин убактылуу тергөө абагына киргизилди.

Кармалгандардын бири О.А. буга чейин уурулук менен сот жообуна тартылып, шарттуу түрдө жазасын өтөгөн.

Алдын ала тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн мал уурулук боюнча үч фактыга тиешеси бар экени аныкталган. Келтирилген материалдык чыгым 680 миң сомду түзөт.

Буга чейин Ысык-Ата районунун Юрьевка айылында мал уурдоого шектүү катары 15 жана 17 жаштагы эки өспүрүм кармалган.