Быйыл тогуз айдын ичинде жол кырсыгынан 477 киши каза болду, анын 79у жаш бала

2022-жылдын башынан бери Кыргызстанда жол кырсыгынын кесепетинен 477 адам каза болду, анын 79у жаш балдар. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Канатбек Кубатбеков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өспүрүмдөрдүн катышуусунда 1 379 жол кырсыгы катталып, 79 бала каза болду. Бул өткөн жылдагыга салыштырмалуу 4,8%га төмөн — былтыр 9 айда 83 өспүрүм каза болгон.

«Өткөн жылы жол кырсыгынын кесепетинен 1 655 жаш бала жаракат алган, бул көрсөткүч быйыл 1%га жогору — 1 672 өспүрүм жарадар болду», — деди ал.

Кубатбеков тогуз айдын ичинде өлкө боюнча жалпы 4 миң 972 унаа кырсыгы катталганын айтты. Бул көрсөткүч өткөн жылдын тогуз айында 5 миң 426ны түзгөн.

2021-жылы өлкөдө 7 437 транспорт кырсыгы катталып, 2020-жылга карганада 22,9%га көп экени айтылган. Анда жол-транспорт кырсыгынан 800дөн ашык адам каза тапкан.

Ал эми акыркы төрт жылда өлкөдө 32 миңден ашык жол кырсыгы катталып, 4006 адам каза тапкан. 49 639 киши түрдүү жаракаттарды алган.

Тема боюнча:

Жол кырсыгына себепкер болгон айдоочуларга жазаны күчөтүү сунушталды