ИИМ: Быйыл тогуз айда 36 миң 696 кылмыш иши ачылды

2022-жылдын тогуз айында Кыргызстанда 36 миң 696 кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин 4-ноябрдагы жыйынында министрдин орун басарлары Адыл Бийбосунов менен Сүйүнбек Ниязбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыш ишинин 93,3%ы ИИМ тарабынан козголгон. Алардын 18 миң 259унун бети ачылып, 14 124 иш сотко өткөн.

Ал эми ички иштер министри Улан Ниязбеков тогуз айдын ичинде өлкөдөгү кылмыштуулук өткөн жылга салыштырмалуу 48%га азайганын белгиледи.

«Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, оор жана өзгөчө оор кылмыштар 12%га, алдамчылыктар 23%га, коомдук жайда жасалган кылмыштар 18%га төмөндөгөн. Жол кырсыктары 8% азайып, каза болгондор 21%, жаракат алгандар 5% төмөндөгөн», — деди Ниязбеков.

Тема боюнча:

Быйыл тогуз айдын ичинде жол кырсыгынан 477 киши каза болду, анын 79у жаш бала