Ноокенде 19 жашар кызды өлтүрүүгө шектелген киши кармалды

Шектүү. Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБи

Ноокен районунун аймагында 19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип 58 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-ноябрь саат 9:30 чамасында Ноокен районунун Масы айылындагы сайдан киши колдуу болуп каза болгон 19 жаштагы кыздын сөөгү табылган.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Ноокен РИИБге «Адам өлтүрүү» беренесинин негизинде катталып, кылмыш иши козголгон. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам иликтөө иштери башталган.

Милициядан кылмышка шектүү катары Сузак районунун 58 жаштагы тургуну кармалганын билдиришти. Ал буга чейин зордуктоо жана башка беренелер менен бир нече жолу соттолуп, акыркы жолу 2021-жылы баңгизатка байланыштуу жоопкерчиликке тартылганы айтылды.

Тергөөдө шектүү кызды өлтүрүп, сөөгүн каналга таштап жибергендигин моюнуна алган.

Мындан сырткары кылмышка шектүүнүн Toyota Corolla үлгүсүндөгү автоунаасынын арткы орундугунан кара-кочкул түстөгү канга окшош зат аныкталып, ал далил катары алынган. Ошондой эле унаадан өзгөчө кескин жыты бар зат табылып, экспертизалык изилдөөгө жиберилген.

Учурда шектүү Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди, кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.