Жалал-Абад облусунда 23 млн сомго бала бакча курулат

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Достук айылында 23,4 млн сомго бала бакча курулат. Бул тууралуу 24.kg басылмасы мамлекеттик сатып алуулар порталына таянып жазды.

Бала бакча курууга конкурсту айыл өкмөтү жарыялаган.

Аталган суммага бала бакча бардык тийиштүү жабдыктар менен дагы камсыздалары маалымдалды. Мектепке чейинки жаңы билим берүү мекемесинде 50 балага орун болот.

Башкы бетке иллюстративдүү сүрөт коюлду.