Депутат Жанар Акаев 60тан ашуун депутат «Азаттыктын» жабылышы үчүн билбей кол коюп бергенин айтты. Бул тууралуу ал 15-ноябрда ЖМК жөнүндөгү мыйзамды талкуулоо үчүн уюштурулган тегерек столдо билдирди.
Акаевдин айтымында, депутаттардан «өлкөдө туруктуулук керек» деген таризде кол чогултулган.
«Эми тилекке каршы, окубай калгандар көп болуп калыптыр. “Урматтуу президент, чын эле “Азаттык” жабылсын деп мына парламенттин жарымынан көбү колдоп берди” деп документти президенттин алдына алып барып коюшту. Мына ушинтип адаштырышат», — деди ал.
Акаев ар бир адам эркин ой жүгүртүүгө жана пикирин билдирүүгө укуктуу экени Баш мыйзамда жазылганын эскертип, учурда ал мыйзам бузулуп жатканын белгиледи. Ошондой эле эл өкүлү президенттин администрациясы демилгелеген ЖМК жөнүндөгү мыйзамдан мурда, анык эмес маалыматтан коргоо тууралуу мыйзам долбоорун карасак деп сунуш берди.
«Азыр ЖМКларды жаап салуу мүмкүн эмес»
Жыйында парламенттин спикери Нурланбек Шакиев өлкөдөгү басылмалар коомдогу терс көрүнүштөрдү «байма-бай чагылдырат» деп нааразы болгон. Акаев ага жооп кылып ЖМКлар өлкөдөгү окуяларды, анын ичинде позитивдүү макалаларды да бирдей жазып жатканын белгилеп өттү.
«Позитивдүү жаңылыктарды да жазып жатышат. Мына “айлык акы көтөрүлдү, пенсия көтөрүлдү” деп жазып жатат. “Асман шаары курулат” , “темир жол курулат” деди баары жазды. Позитив болсо жазып жатат. Бирок эми өлкөдө массалык камоолор болуп, адам укугун чектеген учурлар болуп жатса кантип жазбай койсун?!» — деди депутат.
Мындан сырткары парламентарий азыркы учурда эч бир ЖМКны жаап салууга мүмкүн эмес экенин эскертти.
«Азыр дүйнө таптакыр башкача, ЖМКны жаап салам деген азыр мүмкүн эмес. Чоң-Алайга, Баткенге же Нарындын Ат-Башысынын каалаган айылына барсаң баарында бирден смартфон бар. Азыр баарынын маалымат алуу укугу бар. Анда бүт баарын жабыш керек болот. WhatsApp, YouTube’ду таптакыр эле жаап салып, Эркин-Тоо менен Кыргыз Тууну калтырып коюш керек» — деп какшыктады ал.
Сөз эркиндигине болгон басым
Кыргыз бийлиги 26-октябрда «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөгөн.
Бийлик медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу чыккан материалды «улуттук кызыкчылыктарга каршы келет» деп айыптап, бөгөттөөгө ушул негиз болгонун билдирген.
«Азаттыктын» өзүнөн Маданият министрлиги айтып жаткан материалды талдап чыгышканын жана анда стандарттардын бузулганы аныкталбаганын билдиришкен.
Кыргызстандагы ЖМК өкүлдөрү буга кескин түрдө нааразычылыгын билдирип, акыркы убакта сөз эркиндигине жана массалык маалымат каражаттарына басым күчөгөнүн белгилешкен. Алар ЖМКларга каршы ар кандай митингдер жана каралаган кампаниялар уюштурулуп жатканын айтышып, ал эми буга тиешелүү органдар көңүл бурбай жатканын сынга алышкан.
Ал эми 31-октябрда «Азаттык» банктагы эсеби бөгөттөлгөнүн билдирген. DemirBank’тан эсеп «Террористтик ишмердикти каржылоого жана кылмыштуу кирешени легалдаштырууга (адалдаштырууга) каршы туруу жөнүндө» мыйзамынын негизинде бөгөттөлдү деп жооп беришкен.
ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү» мыйзамынын өзүнө таандык версиясын сентябрдын аягында коомдук талкууга алып чыккан.
Эгер документ кабыл алынса, өлкөдө иштеп жаткан ЖМКнын кайра каттоодон өтүүгө (же катталууга) эки ай гана убактысы болот. 2023-жылдын 1-апрелине чейин кайра каттоодон өтүүгө (же катталууга) үлгүрбөгөн басылмалар автоматтык түрдө жоюлат.
Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде президенттин администрациясы ЖМК жөнүндөгү азыркы мыйзам «моралдык жактан эскиргени», ал эми жаңысы — «боштуктарды» жоюп, «ЖМКны санарип телекоммуникациялык тармактарда, анын ичинде “Интернет” түйүндөрүндө жөнгө сала баштоону» максат кылат дейт.
Колдонуудагы мыйзам 30 жыл мурда кабыл алынганы чын. Бирок, Медиа Полиси Институтунун эксперттеринин пикиринде, жаңы мыйзам долбоорунун пайда болушу азыркысынын эскиргендигине байланыштуу эмес. Эксперттер президенттик аппарат жаңы мыйзамдын жардамы менен «бийликке жакпаган веб-сайттарды жоюуну» каалайт деп эсептешет.
«Адилет» укуктук клиникасы дагы жаңы мыйзам долбоору мамлекетке «ЖМКнын ишине аралашууга жана аны жөнгө салууга негизсиз эле олчойгон мүмкүнчүлүктөрдү берет» деген бүтүмгө келген.
Юристтердин пикиринде, ушул версиядагы мыйзам долбоору «ар бир демократиялык коомдун ажырагыс бөлүгү эсептелген ой-пикир түрдүүлүгүнө катаал чектөөлөрдү орнотууга» багытталган.
Андан тышкары, «Клооп» долбоорду изилдеп чыгып, ал Орусиянын ЖМК тууралуу «ажыдаар» мыйзамына 95% окшош экенине, ал тургай, катаал дагы экенине ынанган.