«Азаттыктын» банктык эсеби мыйзамга ылайык бөгөттөлгөн — «Демирбанк»

3-ноябрда «Демирбанк» коммерциялык банкы «Азаттык Медианын» банктык эсеби Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык токтотулганын билдирди. Банк «басылманын эсеби мыйзамсыз бөгөттөлгөн» деген жүйөлөрдү четке какты.

«“Демирбанк” Кыргызстандагы биринчи эл аралык банк болуп саналат жана мыйзамдын талаптарын дайыма сактайт. “Азаттыктын” эсеби боюнча операциялар “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамга ылайык токтотулду», — деп белгилешти банктан.

«Демирбанк» банктык операциялар аталган мыйзамга ылайык токтотулган болсо банк жоопкерчиликке тартылбайт деп белгиледи.

Аны менен катар, банктын басма сөз кызматы бул боюнча «Азаттык» басылмасынын кайрылуусуна расмий жооп бергенин кошумчалады.

«Азаттык Медиа» 31-октябрда «Демирбанктагы» эсеби бөгөттөлгөнүн кабарлаган. Бул тууралуу банктын кызматкерлери «Азаттыкка» оозеки ырастап, «бул тууралуу УКМКдан билдирме алганын» айтышкан. Бирок ошондо банк расмий түрдө маалымат берген эмес.

«Азаттыктын» эки айга бөгөттөлүшү

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөгөн.

Министрликтен буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгонун айтышкан.

Ошол эле учурда «Азаттыктан» айыптоону четке кагышып, «эркин медианы куугунтуктоо кыргыз демократиясына көлөкө түшүрөт» деп билдиришкен.

ЖМКга басым күчөгөнүнө байланыштуу Кыргызстандын журналисттери 28-октябрда тилектештик акциясын өткөрүшкөн. Ага ылайык, саат 9:00дөн 12:00гө чейин ММКлар материалдарды чыгарган эмес. Мындан сырткары бир күн бою маморгандардын пресс-релиздерин жарыялоодон баш тартышкан.

Ошондой эле Кыргызстандагы көз карандысыз ЖМКлардын редакторлору жана негиздөөчүлөрү акыркы убакта сөз эркиндигине жана массалык маалымат каражаттарына басым күчөгөнүн белгилеп, президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.

Алар өлкө башчысына анын басма сөз кызматысыз жолугушуу өткөрүүнү сунуштап, бир катар талаптарды коюшкан. Ал эми депутат Дастан Бекешев «Азаттыктын» банктык эсебинин бөгөттөлүшү өлкөнүн инвестициялык климатка терс таасир этет билдирген.

Тема боюнча:

Депутат Бекешев: «Азаттыктын» эсебин бөгөттөө инвестициялык климатка терс таасир этет

«Азаттыктын» президенти: Журналисттерибиздин оозун жабуу аракетине каршы күрөшөбүз