Президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мурат Укушев «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзам долбоорун талкуулап жатып Адольф Гитлердин айткан сөзүнөн мисал келтиргенин жазды Factcheck.kg басылмасы.
Укушев «Сөз жана пикир билдирүү эркиндиги: мыйзам демилгелери» деп аталган тегерек столдо мындай деген: «Калп канчалык укмуш болсо, ага ошончолук көбүрөөк ишенишет». Бул цитатаны аткаминер Гитлердин пропаганда министри — Йозеф Геббелске таандык деп айткан.
Бирок Factcheck.kg басылмасынын журналисттери «Проверено» деген сайтка таянып, чындыгында бул цитата Адольф Гитлердин өзүнө таандык экенин жазышты. Алардын маалыматы боюнча, укмуштуудай жалган тууралуу бул цитата 1925-1926-жылдары жарык көргөн Mein Kampf аталышындагы китепте пайда болгон. Китепте Гитлер Биринчи Дүйнөлүк согушта Германиянын утулуп калуусуна еврейлер менен марксисттик идеянын жактоочуларын айыптаган.
«Бул мырзалар, калпың канчалык укмуш болсо, ага ошончолук көбүрөөк ишенишет деп туура эсептешкен. Жөнөкөй адамдар кичинекей калпка караганда чоң калпка жеңилирээк ишенишет. Бул алардын жакыр жан-дүйнөсүнө туура келет. Алар кичине калп айта аларын билишет, бирок чоң калпка даай алышпайт. Чоң калп алардын оюна да келбейт», — деп айтылган Гитлердин цитатасында.
Ушул эле сөздү Геббелс айткан деп 30-сентябрда Украинанын аймагындагы аннексия тууралуу сүйлөп жатып Орусиянын президенти Владимир Путин да колдонгон. «Геббельс сыяктуу чектен ашкан агрессивдүү пропаганданы колдонуп, карандай калп айтып, чындыкты миф, иллюзия жана фейктин океанына чөктүрүп салышты. Калп канчалык укмуш болсо, ага ошончолук көбүрөөк ишенишет — мына ушинтип, ушул принцип менен иш-аракет кылып жатышат», — деген анда орус президенти.
15-ноябрда Бишкекте ЖМК жөнүндөгү мыйзамды жана сөз эркиндигине болгон басымды талкуулоо боюнча тегерек стол өткөн.
ЖМКга басым
Кыргызстанда акыркы учурларда бийликтин ЖМКга жана сөз эркиндигине карата басымынын жаңы толкуну байкалып жатат. Бирок бийлик эч кандай басым-кысым жок, Кыргызстан дайыма мыйзам үстөмдүгүнүн принциптерин карманат жана адам эркиндиги өлкөдө эң бийик баалулуктардын бири болуп эсептелет деп айтууда.
Ошол эле учурда бийлик, эксперттердин пикиринде, мамлекеттин колунда көзкарандысыз ЖМКга каршы курал болуп бере турган мыйзам долбоорлорун демилгелегенди улантып жатат. Президенттин администрациясынын «Жалпыга маалымдоо каражатары жөнүндөгү» мыйзам долбоорун юристтер жашырылбаган цензураны киргизүү катары баалашат. «Адилет» укуктук клиникасы жаңы документ мамлекетке «ЖМКнын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу жана кийлигишүү үчүн негизсиз эле чоң мүмкүнчүлүк берет» деген тыянак чыгарган. Юристтердин пикиринде, мыйзам долбоорунун ушул версиясы «ар бир демократиялык коомдун ажырагыс бөлүгү эсептелген ой-пикир түрдүүлүгүнө катаал чектөөлөрдү орнотууга» багытталган.
«Клооп» мыйзам долбоорду изилдеп чыгып, ал Орусиянын ЖМК тууралуу «ажыдаар» мыйзамына 95% окшош, ал тургай, катаал дагы экенине ынанган. Ошол эле кезде кыргыз версиясыда жазылган ченемдери андан өткөн катаал.
Ошондой эле жарандык коом президенттин администрациясы демилгелеген дагы бир, «Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзам долбоорунунан кооптонуп турат.
Документке ылайык, коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар Юстиция министрлигинде милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керек, ал эми уюмдардын ишмердүүлүгү толугу менен Башкы прокуратура жана Юстиция министрлиги тарабынан көзөмөлдөнөт. Бийликтин пикиринде, жаңы мыйзам долбоору «мамлекеттин мыйзамдуу кызыкчылыктарын бейөкмөт уюмдардын уставдык эмес жана мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн коргоо үчүн бекем укуктук базаны түзүп [...] өлкөдө жарандык коомдун өнүгүшүнө жаңы сапат берет».
Бирок юристтер бул мыйзам долбоорун өтө кооптуу, жарандык коомдун оозун басууга, андан тышкары, бейөкмөт уюмдар менен күрөшүүгө багытталган деп эсептешет. Алар документ Конституцияга, эл аралык стандарттарга жана Кыргызстандын милдеттенмелерине каршы келет деп белгилешет.«Бир дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылы жана «Дүйнөнү өзгөрткөн адамдар!» тилектештик тармагы бийликке кайрылып, «Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзамдын долбоорун чакыртып алууга үндөштү.
Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар да кыргыз бийлигине фейктер жөнүндөгү мыйзам деп таанылган колдонуудагы «Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндөгү» мыйзамды жоокко чыгарууну суранып кайрылышкан. Дал ушул мыйзамга таянып Маданият министрлиги «Азаттык» басылмасынын сайтын эки айга бөгөттөгөн. Анда медианын 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу чыккан материалдарында «чындыкка дал келбеген маалыматтар бар» деп жүйөө келтиришкен.
Медиаэксперттердин пикиринде, «Азаттык» сайтынын бөгөттөө бийликтин көз карандысыз ЖМКга басымы болуп эсептелет. Алак бийликтин бул сыяктуу басымы мындан ары дагы уланат деген ойдо.