Кыргызстандык балбандары АКШда өткөн эл аралык турнирде алты медаль утушту

Кыргызстандык балбандар АКШда өткөн эл аралык турнирде грек-рим күрөшү боюнча алты медаль утушту. Бул тууралуу Күрөш федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, балбан Атабек Азисбеков жогорку категориядагы 97 килограмм салмакта күч сынашты. Ал финалдык беттеште кыргызстандык спортчу Мелис Айтбеков менен кез келди. Бирок алар күрөшүүдөн баш тартып, чүчү кулактын жыйнытыгы менен Азисбеков чемпион аталды.

Күрөштүн ушул эле түрү боюнча алтын медалга 65 килограмм салмакта күч сынашкан Жумашбек Таирбек уулу менен 74 килограмм салмакта беттеш өткөргөн Орозобек Токтомамбетов ээ болду.

Ал эми 72 килограмм салмакта балбан Тынар Шаршанбеков менен 97 килограм салмакта беттешке чыккан Мелис Айтбеков күмүш медаль багынтышты.

Мындан сырткары, 87 килограмм салмакта күч сынашкан Калидин Асыкеев коло медалга татыды.

Эл аралык турнир 18-19-ноябрь күндөрү Американын Нью-Йорк шаарында өттү.