Катарда футбол боюнча Дүйнө чемпионаты башталды

Катарда футбол боюнча Дүйнө чемпионаты 2022 башталды. 20-ноябрь күнү кечинде «Эль-Байт» стадионунда турнирдин ачылыш аземи өттү. Мелдеш 20-ноябрдан 18-декабрга чейин созулат.

Футбол боюнча Дүйнө чемпонатынын ачылышы: Сүрөт: FIFA.

Биринчи матчта Катар жана Эквадордун курамалары беттешип, катардыктар 0:2 эсебинде жеңилди — бул дүйнө чемпионатынын ачылыш матчында кабыл алуучу өлкө турнирден утулган тарыхтагы алгачкы учур.Турнир классикалык система боюнча өтүп жатат: 32 команда сегиз тайпага бөлүнгөн, плей-оффко тайпадагы алдыңкы эки топ чыгат, андан ары — турнирден четтөө. Финал 18-декабрда өтөт.

Эквадордун курамасы жеңишин утурлай. Сүрөт: FIFA.

Чемпионат биринчи жолу кышында өтүп жатат — жайында Катарда күн өтө ысык болмок. Дүйнө чемпионатын өткөрүү укугун Катар 2010-жылы утуп алган, анда өлкө турнир кадимкидей эле жайында деп ишендирген болчу. Бирок, кийин абанын температурасы 50 градуска жеткен өлкөдө чемпионатты жайында өткөрүү мүмкүн эместигин моюндаган.

2022-жылдын Дүйнө чемпионаты өтүп жаткан мезгили менен эле эмес, өтүп жаткан жери менен да айырмаланат. Чемпионат биринчи жолу мусулмандар басымдуулук кылган араб өлкөсүндө өтүүдө.

Чемпионатка даярдык ызы-чуулар менен коштолгон. Алсак, Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) чиновниктери чемпионатты өткөрүү жерин тандоодо коррупцияга аралашкан деп шектелишкен.

ФИФАнын президенти Жанни Инфантино дүйнө чемпионатынын ачылышында. Сүрөт: FIFA.

Андан тышкары, абсолюттук монархия өкүм сүргөн Катар адам укуктарын бузууга, анын ичинде ЛГБТ өкүлдөрүнүн куугунтуктоо үчүн да сынга алынып келет. Алсак, ЖМК турнирде курама командалардын капитандарына ЛГБТ коомчулугун колдоо иретинде түстүү моюн орогучтарды тагынууна тыюу салынышы мүмкүндүгүн жазышкан.

Ошондой эле ЖМК турнир үчүн объекттерди куруп жаткан эмгек мигранттарына карата көптөгөн кыянаттыктар болгонун билдиришкен — ашыкча иштөө, айлык акыларды айлап кечиктирүү, коопсуз иш шарттарынын жоктугу жана башкалар. Эл аралык укук коргоочу Amnesty International уюму дүйнө чемпионатына карата объекттерди куруу учурунда өлкөдө 15 миңдей адам каза тапканын айтат. Бирок уюм бул санга Катарда каза тапкан чет элдик жарандардын жалпы санын да кошот. Катардын бийлиги стандиондорду курууда болгону үч адам каза болгонун, дагы 34ү жумушчулар иштеген лагерде каза тапканын айтууда. Расмий маалыматтарга ылайык, алар ысыктан улам дем жетишпей каза тапкан.

Чыр-чатак турнир башталганга чейин да болгон. Дүйнө чемпионатына эки күн калганда FIFA Катардагы стадиондордун аймагында пиво сатууга тыюу салган. The New York Times уюм бул чечимди Катар бийлигинин басымы менен кабыл алганын жазган. Катарда алкоголдук ичимдиктерге толук тыюу салынбаганы менен ичимдиктердин сатылышы катуу көзөмөлдөнөт.

Бирок FIFAнын президенти Жанни Инфантино дүйнө чемпионатынын ачылышына чейин Батыштын Катарды сынга алганын «эки жүздүүлүк» деп атаган.

«Моралдык сабак берерден мурда, биз, европалыктар акыркы 3000 жылда жасаганыбыз үчүн, кийинки 3000 жыл үчүн кечирим сурашыбыз керек», — деп келтирди CNN Инфантинонун айткандарын. (“Европа” деген аталыш биринчи жолу биздин доорго чейин VI кылымдын аягында Гекатей Милетскийдин «Жердин сүрөттөлүшү» эмгегинде аталган. Андан бери 3000 жылга жетпеген убакыт өттү — редакция.)

Ал өлкөнүн жогорку кызмат адамдары чемпионатта бардык конокторго, анын ичинде ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрүнө да «эшиктер ачык» деп убада кылышканын кошумчалаган.

Инфантинонун билдирүүсүн укук коргоочулар сынга алышкан.