Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда накталай доллар өтө тартыш болууда. Американын валютасын же сатып ала албайсың, алсаң деле жогорку курс менен сатып аласың. Сом барган сайын арзандап жатат.
«Акчабар» басылмасынын маалыматына ылайык, акыркы эки айда сомдун долларга карата куну 81ден 85ке чейин түшүп кеткен.
Экономист Марат Мусуралиев «Клоопко» бул эмнеге байланыштуу экенин айтып берди. Эксперт акча алмаштыруучу жайлардын тактасында доллардын курсу жогору көрсөтүлгөн менен көп учурда аны сатып алуу мүмкүн эместигин белгилейт.
Долларлар кайда жоголуп жатат?
Экономисттин айтымында, сомдун долларга карата арзандашы Орусиянын Украинага кол салуу аракеттери жана батыш өлкөлөрүнүн Орусияга накталай доллар менен еврону түз жеткирүүгө тыюу салганы менен байланыштуу.
«Орусиянын өзүндө дал ошол накталай доллар менен еврого суроо талап күчтүү, натыйжада ал ошол накталай акчаны дүйнө жүзүнөн, биринчи кезекте Орусия менен экономикалык интеграциясы жогору, визалык режими жок, чек арадан өтүү тартиби максималдуу жөнөкөй өлкөлөрдөн “сордура” баштаган. Тагыраагы, бизде бажы аймагы бирдиктүү болгондуктан, жүктөрдү жана накталай акчаны салыштырмалуу жөнөкөй түрдө ташыса болот. Ал эми Кыргызстандын экономикасы Орусиянын экономикасынын 1%ын да түзбөйт. Ошондуктан орусиялыктар бул жакка чыгып, бул жерден накталай долларларды “соро” башташкан», — деп түшүндүрөт эксперт.
Доллардын куну өсүп, акча алмаштыруучу жайларда тартыш болуп жатканына Орусия өз аймагынан долларды которууга тыюу салгандыктан болууда деп эсептейт экономист.
«Мурда эмгек мигранттары [Орусиядан] рубль, доллар которушса, азыр алар накталай рубль гана которуп же ташып кете алышат. Анан бизде рубль рубль өтө эле көп болуп кетти, а биз аны сомго же долларга алмаштырабыз. Сомго — ички керектөөнү жабуу үчүн, ал эми долларды — сактоо же болбосо автоунаа жана кыймылсыз мүлк сатып алууга керектейбиз. Тилекке каршы, бул товарлар Кыргызстандын ичинде болсо дагы доллар менен гана сатылат же сатып алынат. Бул мыйзамсыз. Негизги маржаны [валюта алып сатарлар] рубль же сомдон алып жатышат», — деп түшүндүрдү Мусуралиев.
Акча алмаштыруу бюролору ассоциациясынын жетекчиси Думан Рыскулов «Акчабарга» курган маегинде доллардын бүгүнкү күндөгү тартыштыгын суроо-талаптын көптүгү, сунуштун аздыгы менен түшүндүргөн. «Алмаштыруу үчүн 500 доллар алып келишет дагы, 5 миң доллар сатып алууну каалашат», — дейт ал.
Бирок Рыскулов аптанын аягында доллар боюнча жагдай өз нугуна түшөт деп ишенет: жакында салык мөөнөтү бүтүп, ири фирмалар менен компаниялар салыкты улуттук валютада төлөшү керек.
«Буга байланыштуу компаниялар ири суммадагы чет элдик валюта менен салык төлөп, акырындык менен тартыштык толукталат. Бирок доллардын туруксуздугу келерки жылдын башына чейин күтүлөт», — дейт ал.
УБ эмне чара көрүп жатат?
Июндун аягында Улуттук банк өлкөдө «нак доллар бир аз жетишсиз болуп атканын» моюндаган. Ал жактан бул «кэ бир физиакалык жана юридикалык жактан алып сатарлык операцияларды кылып жаткандыктан» болуп жатат деп түшүндүрүшкөн.
Мындан улам Орусияда 1-марттан баштап, өлкөдөн накталай доллар алып чыгууга чектөө коюлган — бир адам 10 миң доллардан ашык алып чыга албайт. Ушундай эле чектөө марттын ортосунда Казакстанда дагы киргизилген. Мындан улам, республикага рубль, теңге жана доллар менен акча которуулар көбөйүп кеткен деп билдиришкен Улуттук банктан.
«Өлкөдөн чет элдик валютаны чыгарууга/киргизүүгө тыюунун жоктугунан пайдаланып, [чет элдик валютаны акча которуу менен] алгандар накталай АКШ долларын чоң көлөмдө Кыргызстандан чыгарып кеткен жана чыгарып жатышат», — деп белгилешкен Улуттук банктан.
Кызыл кулактык менен күрөшүү үчүн Улуттук банк айрым чектөөлөрдү киргизген — 18-апрелден тарта кыргыз банктары эл аралык акча которууларды кайсыл өлкөнүн валютасы менен которулган болсо, ошол валютада же сом менен гана берет.
Абалды жөнгө салыш үчүн Улуттук банк бир катар чектөөлөрдү киргизген. Мисалы, апрелден тарта акча которуулар акча жиберген өлкөнүн валютасында же сом менен гана берилип жатат.
Мындан тышкары Улуттук банк коммерциялык банктар менен акча алмаштыруучу жайлардын ортосундагы көмүскө макулдашуунун алдын алыш үчүн, банктарга акча алмаштыруучу жайлар менен бир күндө ошол акча алмаштыруучу жайдын жүгүртүүсүнөн ашпаган суммага валюта сатууга чектөө киргизген.
8-августта Башкы банктын жетекчисинин орун басары Нурбек Жеңиш мекеме тарабынан көрүлгөн чаралар нак доллардын өлкөдөн чыгып кетүүсүн «токтото алды» деп билдирген.
Бирок эксперттер накталай валютанын жетишсиздигинен жана ар кыл чектөөлөрдөн улам өлкөдө валютанын «кара базары» пайда болгонун, ага коммерциялык банктар да катышып жаткан болушу ыктымалдыгын айтышкан.
Тема боюнча: «Кара базар» жана валюта алуу үчүн комиссия. УБ валюта рыногундагы жагдай тууралуу айтып берди